Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:58

Карачиде "Дания жоголсун!" "Голландия жоголсун!" деп талап кылышты


Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын Данияда кайра басылышына жана Голландияда Куран жөнүндө фильмдин чыгышына каршы Пакистандын Карачи шаарындагы кечээги демонстрацияга 5 миңдей адам катышты. "Дания жоголсун!" "Голландия жоголсун!" деп кыйкырган демонстранттар эки өлкөнүн желектерин өрттөштү. Өкмөттү Еврошаркет өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилесин кайра карап көрүүгө чакырышты.
XS
SM
MD
LG