Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕГИ ЖҮЗ КҮНДҮК ИШТИН ЖООБУ


Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров бүгүн маалымат каражаттарын чакырып алып, алардын алдында парламенттин ишмердигинин 100 күндүк жыйынтыгын чыгарды. Спикер Жогорку Кеңеш бул убакыт аралыгында экономикалык жана социалдык багыттагы бир катар маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алганын белгиледи. Төраганын айтымында, “Кумтөр” алтын кенине байланышкан маселе парламент тарабынан толук, терең изилденип чыгышы керек, ошондон кийин гана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө шайкеш келе турган мыйзам кабыл алуу абзел. Төрага ошондой эле республиканын аймагындагы суу сактагычтар боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG