Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:05

ТӨРАГА ЖЫЙЫНЫ: СУУ САКТАГЫЧ, ЭНЕРГЕТИКА, ЧЕК АРА


4-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/C68C574E-95EF-45E7-9A43-AFEFFF51F32A.ASP өткөн жылдын 21-декабрынан тарта ишке киришкен. Ортодогу аралыкта парламент 100 ашуун мыйзам, токтомдор кабыл алганын төрага Адахан Мадумаров маалымдады. Анын ырасташынча, парламент өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам, келишимдердин текши баарын эле келер замат кабыл алган жери жок. Анткен менен жаңы парламент азыркы бийликтин айткан-дегенинен чыга албай, бийлик партиясынын кызыкчылыгын коргоодон өйдө көтөрүлө албагандыгы да көп айтылып келатат.

Адахан Мадумаровдун ырасташынча, жаңы парламенттин эл кызыкчылыгын коргоодон башка эч кандай максат-мүдөөсү жок.

- Биздин ар бир жасаган аракетибиз, өкмөт тарабынан болобу, Жогорку Кеңеш тарабынан болобу кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын көздүн карегиндей коргоо болуп эсептелет.

А.Мадумаров суу, энергетика, кыргыз-казак чек ара маселеси парламентте козголуп жатканын кабарлап, талаштуу проблеманы жеринен көрүп келүү максатында 20 депутаттан турган топ Ысыккөлгө жөнөп жатышканын маалымдады. Анын айтуусунда, парламентте төрага демилгеси менен Кыргызстандагы суу сактагычтар тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкмакчы.

- Токтогулдагы суу сактагыч, Кемпирабаттагы суу сактагыч, мунабу Кировдогу суу сактагыч, Ортотокойдогу суу сактагыч, Папандагы суу сактагыч – мына ушул суу сактагычтардан Кыргызстан бир тыйын пайда таап жатабы? Жок! Ошолордун бүт бардык күнүн, гүлүн, рахатын кошуналар көрүп жатышат. Бир тыйын коротпостон туруп көрүп жатышат. А биз аларды кармаш үчүн эчен-эчен акчаларды сарптап жатабыз.

Спикер өкмөт сунуш кылган “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимдердин жактырылышы кечеңдетилип жатканына да токтолду.

- Кудай буюрса “Кумтөр” боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын 100% коргой турган келишимге чыгабыз деген оюбуз бар.

Мурдагы парламентте узак талкууланган “Кумтөр” алтын кени боюнча 2007-жылдын августундагы келишимдер жаңы Жогорку Кеңеште кечеңдетпей кабыл алынып калышы ыктымалдыгы кыйладан бери эле айтыла баштаган. Бирок да жаңы парламент эки келишимди кароону улам артка жылдырып, маселе дагы талашка түшүүдө.

Ошол эле “Акжол” партиясынын парламенттеги өкүлү, вице-спикер Кубанычбек Исабеков өкмөттүн 2003-жылдын аягында чыгарган токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин райондор ортолук экономикалык маселелер боюнча сотуна кайрылган. Төрага орунбасары непадам партиялаштары алтын кен долбоору боюнча анын позициясын колдобой турган болсо депутаттык мандатын деле таштоого кайыл экенин айтып келет.

- Эгер “Акжол” партиясы: “Сен туура эмес иш кылып жатасың. Биз менен макулдашкан жоксуң. Сен мынабу өкмөттүн сунушун колдогон жоксуң. Биз сенин мандатыңды алабыз”, дешсе мен ага да макулмун.

Антип алтын кендин айланасындагы түгөнбөгөн талаштын улантылып келатышын парламенттин мурдагы депутаты Арслан Малиев саясий оюн катары мүнөздөйт.

- Бул оюн да. Бирөө дирижер – тескөөч. Анын демилгечилеринин көз карашын деле жакшы билесиңер да.

Мындай оюндарды парламентте көпчүлүктү түзгөн партия өкүлдөрүнүн уюштуруп жатышы саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикиринде Ысыккөлдөгү Казакстан ээлик кылууга куштар пансионаттардын мисалынан деле көрүнүп турат.

- Мына ошол пансионаттар Казакстанга, Өзбекстанга берилеби-берилбейби, ошол боюнча ошол “Акжол” ачык айтпай турат. Казакстанга же Өзбекстанга жөн эле берип жаткандай.

А.Мадумаров Кыргызстанда оппозиция жоктугун, тек бийлик оппоненттери гана бар экендигин айтты.

- “Ойлонбогон пикирлерди айтып, ойлонбогон иш-аракеттерге барып, биртоп өздөрүнүн негизин жоготуп алышты”, деген сөздөр бар. “Биртоп алдын-ала көрө билген балдарыбыз, кыздарыбыз ал жактан кетип калды”, деген сөздөр бар. Ошол эле учурда алардын курамын дайыма толуктап турчу резерв бар. Дайыма толуктап турат. Эртең бирөө өкмөттөн кызматтан кетсе ал жакка барып кошулат.

Оппозиция парламент шайлоо толгон-токой мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, эмдигиче Борбордук шайлоо комиссиясынан жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгын биле албай келатышат. А.Мадумаров БШК бийлик бутактарына көз карандысыз комиссия, анын иш тууралу эч кандай пикир айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

XS
SM
MD
LG