Биринчи май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаеванын төрагалыгында өтүп жаткан сотто доогер тарап кошумча арызын жолдоду. Жаныбек Бакиевдин баласы Асылбек Салиевдин жактоочулары анын кылмыш ишинде негизги шектүү болуп эсептелбестигин белгилеп, адам өлүмүнө алып келген автокырсыкка анын түздөн-түз тиешеси жоктугун айтышты. Ошондой эле жактоочулардын айтуусунда макалада көрсөтүлгөндөй Салиевге тиешелүү телефон төлөмдөрү тууралуу квитанция кылмыш ишке далил болуп бере албайт. Асылбек Салиевдин адвокаттары сот жараянына маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышуусуна каршы болушпаганы менен, үн жаздырууга каршы чыгышууда. Адвокат Сергей Котишевский соттук жараяндан тышкары да журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты:
-Себеби ушул: Биз бардыгын сотто айтып бердик. Сиз сотко катышып отурдуңуз, бардыгын уктуңуз. Ошол.
“Де-факто” гезитинин адвокаты Шамарал Майчиев гезиттерге басылган макалаларга комплекстүү түрдө филологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу сунушун сотко жолдоду.
Адвокаттын “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул экспертиза гезиттерге басылган макала доогердин ар-намысына шек келтиргенин же келтирбегенин аныктайт:
-Эксперт айтат да, бул макалаларда адамдын ар-намысына доо кетирдиби жокпу, ошону аныктап берет.
Асылбек Салиевге байланыштуу макалалар гезиттерге кыргыз тилинде басылса да, соттук жараян орус тилинде өтүүдө. Сот муну доогер тараптын каалоосу катары түшүндүргөн. “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекованын айтуусунда комплекстүү филологиялык=лингвистикалык экспертиза жүргүзүү зарылчылыгы мына ушундан да келип чыкты:
-Бул сот жараяны орус тилинде өтүп жатканы үчүн тилден улам маселе чыгып жатат. Биздин кыргыз тилинде жарыяланган макалаларды булар орус тилине котортуп келип атышат, бирок көп жеринде орусча котормосу дал келбей калууда. Ошондуктан, биз экспертизага жиберүүнү туура таптык.
Ишти карап жаткан судья Мадина Давлетбаева жоопкер тараптын өтүнүчүн канааттандырып, филологиялык-лингвисткалык экспертиза жүргүзүү ишин КР Улуттук илимдер академиясынын тил илими институтуна тапшырды. Ал эми экспертиза жүргүзүүгө жумшалуучу чыгым редакцияларга жүктөлдү. Соттук териштирүү экспертизанын жыйынтыгы келгенге чейин, белгилүү мөөнөткө токтотулду.
Бул ишке байланыштуу сот иши буга чейин 28-мартта болуп, сот макалада жазылган маркум Анвар Молдакуновдун эжеси Бегайым Молдакунованы күбө катары катышуусун талап кылган. Бирок бүгүнкү соттук жараянга келип көрсөтмө берүүдөн Бегайым Молдакунова баш тарткан. “Де-факто” гезитинин башкы редактору президенттин жакындарынын доо арызы сөз эркиндигине болгон саясий кысым, деген пикирде:
-Себеби дүйнөлүк практикада президенттин туугандары эркин гезиттер менен соттошпойт. Булар ошону түшүнүп, билип туруп, бизди сотко берип, 1,5 млн сом сурап атышат. Бул өтө чоң сумма. Демек, бул жерде бир студент баланын аркасы менен жабуу аракети деп түшүнөм.
Башында айтылгандай соттук териштирүүгө “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерине жарык көргөн макалаларда адам өлүмүнө алып келген автокырсыкка президенттин бир тууганы Жаныбек Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин тиешеси бар экендиги тууралуу маалымдалган. Ал эми Асылбек Салиев болсо бул макалалар адамдык абийирине жана ар-намысына доо кетирди деп эсептеп, моралдык чыгым үчүн гезиттерден 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин айып пул төлөп берүүсүн талап кылууда.