Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

ШИЙИ КОШУУНДАРЫ ӨКМӨТТҮН УЛЬТИМАТУМУНА КӨНБӨДҮ


Ирактын Басра шаарында бир нече күндөн бери Муктада ас-Садрга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/49BFD5C0-FE7C-461D-8C0B-77454B9DD83D.asp баш ийген «Имам ал-Махди армиясына» таандык шийи жоочулары менен Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн тирешүүсү уланууда. Ордо шаар Багдаддын чет жакасында да өкмөттүк күчтөр менен шийи жоочулардын кагылышуусу улантылып жатат. Премьер-министр Нури ал-Малики эгерде Муктада ас-Садр өзүнө баш ийген жоочулар тобун куралсыздандырбаса, анда шийилердин бул таасирдүү имамынын кыймылы саясаттан расмий түрдө четтетилээрин эскертти. Бирок бул расмий коюлган шарт соңку салгылдашуулардын отуна ого бетер май тамызгансыды.

Шийилердин өзгөчө таасирдүү лидерлеринин бири имам Муктада ас-Садрга баш ийген “Имам Махди армиясы” былтыркы август айынан бери март айынан соңку аптасына чейин бир нече ай бою согуш аракеттерин жүргүзбөй келген. Бирок өткөн айдын этегинде өкмөттүк күчтөр Басрада жоочуларга каршы аскердик иш-чарасын баштагандан бери, бул имамга баш ийген куралчан топтор өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан салгылашуусун жандантты.

7-апрелде Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики америкалык Си-Эн-Эн (CNN) сыналгы каналы үчүн маек куруп, эгерде имам ас-Садр өзүнүн карамагындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү таркатпаса, анда анын кыймылы саясий чөйрөдө расмий таанылбай турганын эскертти.

-Андан саал мурдараак, ишембиде (5-апрелде) Ирак өкмөтү жалпы эле өкмөткө баш ийбеген куралдуу топторго карата ультиматум жарыялаган.

Анда үстүбүздөгү жылдын октябр айына белгиленген жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоого чейин бардык мыйзамсыз жоочу топторду таркатуу талабы камтылган.

Ирак президенттик кеңсесинин башчысы Насир ал-Ани (Nasir al-Ani) ишембиде бул 15 пункттан турган талапты журналисттерге мындайча тааныштырган эле:

- Биз бардык партияларды жана саясий топторду өздөрүнө таандык куралчан кошуундарды тез арада таркатууга, алардын курал-жарактарын өкмөткө тапшырууга жана, андан соң, алардын саясий жараянга жана кезектеги шайлоолорго катышуусу үчүн зарыл шарт болгон аскердик эмес атуулдук иш-аракеттерге өтүүгө чакырабыз.

Насир ал-Ани окуган бул билдирүүдө бардык саясий топтордун расмий Багдадга баш ийүүсү тууралуу чакырык да камтылган.

Өкмөт башчы ал-Маликинин буйругу менен Басрада шийи жоочуларына каршы 25-мартта башталган аскердик иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында да кандуу кагылышууларга түрткү болду.

Өткөн апта соңунан бери Багдаддын ас-Садр шаарчасында да күч алган өкмөттүк күчтөр менен шийи жоочуларынын кагылышууларынан улам бери дегенде 25 киши набыт болуп, жүздөй киши жаракат алганы кабардалууда.

Багдаддын түндүк-чыгыш өңүрүн ээлеген бул ас-Садр шаарчасында дүйшөмбүдө да ок атышуулар улантылды. Кабарларга караганда, өкмөттүк күчтөрдү АКШ аскерлери колдоого алууда.

Жекшембиде Ирактын ар кыл аймагында америкалык беш жоокер набыт болду. Ал эми шейшембиде АКШнын элчиси Райан Крокер (Ryan Crocker) менен АКШ Куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы Дэвид Пэтрэус (David Petraeus) Ирактагы соңку өзгөрүүлөр жана АКШ аскерлеринин санын кыскартуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу АКШ Конгрессинде кыскача баяндама жасаары күтүлүүдө.

Басрада кырдаал өзгөчө коогалаңдуу бойдон кала берүүдө.

Мунайзатка бай ирактык ири аймактын борбору болгон Басра шаарында өлкөнүн мунайды деңиз аркылуу экспортооочу көзгө басар порту жайгашкан. Бул порт Перс булуңундагы эң ири порт саналат.

XS
SM
MD
LG