Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

МЕЛИС ЭШИМКАНОВДУН САЯСАТЫНА ЧҮЙ ОБЛУСТУК ТЕЛЕКОМПАНИЯСЫ НААРАЗЫ


УТРКнын курамындагы Чүй облустук «Сары Өзөн» телерадио компаниясынын генералдык продюсери Жайнагүл Максимова Улуттук телерадио корпорациясынын жетекчиси Мелис Эшимкановго карата нааразылык билдирип чыкты. Анын белгилешине караганда соңку беш айдан бери аймактык телеберүүлөр эфирден четтетилип, жетекчилик тараптан ар кандай тоскоолдуктар жасалып жатат.

«Сары Өзөн» телерадио компаниясынын генералдык продюссери Жайнагүл Максимова маалымат жыйынында УТРКнын башкы директору Мелис Эшимканов тарабынан ар кандай тоскоолдуктар болуп жатканын белгиледи. Мындай нааразылыктын жаралышына Мелис Эшимканов жетекчи болуп келген убакыттан бери аймактык телеберүүлөрдүн эфирден алынышы жана продюсер катары менин ишмердүүлүгүмө, адамдык абийириме шек келтириши себеп болду дейт.

- Өткөн бейшемби күнү мен УТРКнын генералдык директору менен жолуктум. Мен региондордун таламын талашуу үчүн кирген элем. Иштегениме 30 жыл болду, бул аралыкта М. Эшимкановдой жетекчи менен иштешкен эмес элем. Ал жетекчи болгонго профессионалдык деңгээлинен мурун, адамдык сапаты жооп бербейт экендигин көрсөттү. Анын реформасынан майнап чыкпай калды деп атам. Соңку беш айда аймактагы теле берүүлөр КТРдин каналынан четтетилди. Бул президенттин «күчтүү регион, күчтүү мамлекет» деген стратегиясына каршы келет.

Ал эми жогорудагы нааразылыкка карата УТРКнын директорунун орун басары Эрнис Кыязов төмөндөгүдөй жооп берди:

- Облустук телерадио компаниялардын берүүлөрү сапатсыз экендиги, техникалардын жетишсиз экендиги жана журналистердин чыгармачылык дарамети чектелүү экени жалганбы? Бизге аймактык телерадио компаниялардын жергиликтүү бийликти ашыра чаап мактаганын сындаган пикирлер канча айтылат. Ошондон улам биз ишти жакшыртуу максатын көздөп жатабыз.

Жакында УТРКнын жетекчилиги аймактагы телерадио компаниялардын баардык журналистерин чогултуп, алдыда жасала турган иштерди талкууга алаары күтүлүп жатат. Облустук теле берүүлөр КТРдин каналынан чыкпаганы менен өз- өз жерлеринде үзгүлтүксүз чыгууда.

Жазгүл Жамангулова, Чүй

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG