Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:04

Ирак башкааласынын Садр шаар районунан жүздөгөн адамдар кетип жатышат


Багдаддан түшкөн кабарларга караганда, Ирак башкааласынын Садр шаар деген районунан жүздөгөн адамдар кетип жатат. Америкалык жана ирактык аскерлер өткөн аптадан бери бул жерде шийиттердин радикал имамы Моктада ас-Садрдын "Мехди" армиясынын согушкерлери менен салгылашууда. Полициянын маалыматы боюнча аталган райондогу кечээги кагылышуулардан тогуз, ал эми жалпы Багдад боюнча он төрт адам каза тапты. Кечээ ошондой эле Багдаддагы кол салуулардан америкалык үч аскер мерт болгон. Бул окуялар америкалык аскерлердин командачысы генерал Девид Петреус менен АКШнын Багдаддагы элчиси Раян Крокер Ирактагы абал боюнча ушул шаршембиде Конгресске маалымат берер алдында орун алып олтурат. Ас-Садр ушул эле күнү Багдадда америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу талабы менен массалык демонстрация өткөрүүгө чакырды. Өкмөт ас-Садрдан Мехди армиясын куралсыздандырууну талап кылып, болбосо саясаттан кетерин эскертти.

XS
SM
MD
LG