Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

ГЕНЕРАЛ ПЭТРЕУС КОНГРЕССТЕ ИРАК КЫРДААЛЫН ЧЕЧМЕЛЕЙТ


Бүгүн 8-апрелде АКШнын Ирактагы куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы генерал Дэвид Пэтреус Кошмо Штаттардын Конгрессинде Ирактагы соңку кырдаал жана америкалык аскерлердин өнөктүгүнүн мындан аркы жүрүшү тууралуу баяндама жасамакчы. Ал АКШ Конгрессинен өз аскерлерин Ирактан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алуу маселесин саал кечеңдетүүнү өтүнмөкчү. Бир чети, бул баяндама аскердик иш-чаралар тууралуу болоору күтүлүүдө. Экинчи чети, учурда президенттикке талапкердик үчүн ат салышып жаткан үч сенатор тең бул жыйынга келип, генералга өз суроо-талаптары менен кайрылаары күтүлгөндүктөн, бүгүнкү угууну АКШдагы шайлоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү катары баалагандар да жок эмес.

Бүгүн АКШнын Ирактагы куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы генерал Дэвид Пэтреус Конгресске америкалык аскерлерди чыгарып кете баштоо маселесин кароону кайсы бир мөөнөткө кечеңдете туруу өтүнүчү менен кайрылаары күтүлүп жатат.

Ушул тапта Иракта дээрлик 170 миңдей америкалык аскер жайгашкан.

Мурда алдын-ала белгиленген долбоорго ылайык, быйыл июль айына карата америкалык беш бригада Ирактан чыгарылып кетүүгө тийиш эле. Бирок АКШнын Ирактагы аскер жетекчилиги эми гана бул өлкөдө чыңдала башталган коопсуздук кырдаалы үчүн Кошмо Штаттардын жоокерлеринин санынын азайышы кесепеттүү болушу ыктымалдыгын да эскертүүдө.

АКШ Конгрессиндеги бүгүнкү суроо-жооп өнөктүгүн генерал Пэтреус гана эмес, президенттикке талапкер катары өз партиясынын атынан ат салышуу үчүн күрөшүп жаткан үч сенатор – республикачы Жон МакКейн (John McCain), демократтар Хиллари Клинтон (Hillary Clinton) жана Барак Обама (Barack Obama) - өз саясий максаттарына жетүү үчүн күтүп жатканын айта кетсек болот.

Алардын ичинен партиясы президенттикке талапкер катары көрсөтөөрү шек туудурбай калган сенатор МакКейн кечээ (дүйшөмбүдө) согуш ардагерлери менен жолугуп, Ирактан аскер чыгарып кетүү маселесин кароого бир канча мөөнөткө тыныгуу жарыялоо керек деген оюн мындайча тастыктады:

- Ирактагы негизги турмуш чындыгында эч шек жок – биз эми бул өлкөдө жеңилүүнүн туңгуюугуна кабылабыз го деп жүрөксүнүп карабай калдык. Биз эми нагыз ийгиликке жетишебиз деп алдыга үмүт байлап карап турабыз.

Ал эми МакКейндин демократ атаандаштары Хиллари Клинтон айым менен Барак Обама мырза экөө тең азыркы АКШ өкмөтүн сынга алып, Ирактан аскер чыгарып кетүү жараянын тездетүүгө чакырышууда.

Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында сенатор Барак Обама өзүнүн Ирактагы согушка карата мамилесин мындайча ачыктаган:

- Мен талапкер болуп тандалып калсам, улутка таасын багытты сунуштайм. Жон МакКейн мен тууралуу Ирактагы согушту жактаган киши болчу деп эч сын айта албайт, анткени мен бул согушка башынан эле каршы чыккан болчумун.

Ирактагы мындан аркы стратегия тууралуу талаш-тартыш бүгүнкү Конгресстеги Пэтреустун баяндамасын талкуулоо менен чектелбестен, АКШ калкы үчүн андан да кеңири талкууга айланаары күтүлүүдө.

Бир чети, МакКейн жана анын тарапкерлери канчалык АКШ аскерлеринин Иракта кала беришин создуктурган сайын, ошончолук бул өлкөдөгү коопсуздук кырдаалын чыңдоого жетишебиз деп санашат.

Ал эми алардын Обама жана Клинтон сыяктуу каршылаштары болсо, экинчи чети, канчалык Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрү Иракта кала берген сайын, ошончолук ирактык жергиликтүү саясатчылар ич ара тил табыша албай, жергиликтүү бийлик мажирөө абалында кала берет деп эсептешет.

Айтмакчы, Басра шаарында 25-мартта өзгөчө күч менен башталган ирак өкмөттүк аскерлери менен шийи имамы Муктада ас-Садрга баш ийген “Имам Махди армиясынын” кошуундарынын айыгышкан салгылашуусун токтотууга расмий Тегеран ортомчулук кылып берди.

Расмий Тегерандын Ирак саясатындагы ролунун мындайча өсүшү да Батышты санааркатууда.

Багдаддагы соңку коогалаңдуу кырдаал Иракта коопсуздукту камсыз кылуу олуттуу сереге жетти деп айтууга али эрте экенине ишаара кылууда.

XS
SM
MD
LG