Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

БОРБОРДУК АЗИЯДА «ХИЗБУТЧУЛАРДЫН» ТААСИРИ КҮЧӨДҮ


Коңшулаш Кытай мамлекети марттын соңунда Хотан, Кашгар, Үрүмчү жана Кызылсуу кыргыз автономдуу облустарындагы болгон демонстранциялардын аркасында “Хизб-ут-Тахрир” партиясы турганын айтууда. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө, ошондой эле бир катар мамлекеттерде террорчу уюм --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/30DADB8F-676D-4C64-93BA-C33F61E57D58.asp катары кара тизмеге кирген “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун өкүлдөрү өздөрүн террорчу эмес, куткаруучу катары сыпатташып, алардын бир дагы мүчөсү эч кандай жардырууларды, барымталарды уюштурбаганын айтышууда. Кыргыз өкмөтү дагы жакында эле бул жашыруун уюмдун ишмердүүлүгүн жайылтпоо максатын көздөгөн токтом кабыл алып, алардын таасирин азайтуу менен алектенүүдө.

Кытайдын мусулмандар отурукташкан айрым региондорунда марттын соңунда чыккан демонстрацияларды бийликтер күч менен басып, ага “Хизб-ут-Тахрир” исламчыл-саясий партиясынын тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар таркатылды.

Кытайда тыюу салынган бул уюм КМШ өлкөлөрүнүн чегинде, Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда дагы тыюу салынган. Акыркы кездери кыргыз бийликтери дагы бул партиянын ишмердүүлүгү жайылып баратканын айтып, ага каршы өкмөт атайын токтом кабыл алган.

Айрым саясатчылардын айтымында, Кыргызстанда бийлик талашкандар бири-бири менен алек болуп элди унутуп койгон чакта, бул кенемтени “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын өкүлдөрү толтуруп, карапайым эл менен тыгыз иштеп келатышат. Жаңы эле түзүлгөн Демократиялык ордо уюмунун мүчөсү Алик Орозовдун пикири да ушундай:

- Мен эл менен тыгыз, ийгиликтүү иштеп аткан бир гана партияны айта алам. Бул “Хизб-ут-Тахрир” партиясы. Бирок булардын багыттары, баалуулуктары башкача.

“Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү Эрлан Бектемиров Бигшкек шаарында жашайт. Анын айтымында, алардын уюму батыштагы бир катар өлкөлөрдө ачык эле иштеп, ишмердүүлүгүн мыйзамдуу түрдө жүргүзүп келишет. “Орто Азия сыяктуу авторитардык мамлекеттердин башкаруучулары гана бизден коркуп, террорчу уюм деген көөнү сүртө коюшкан”,- дейт Эрлан:

- Мындан бир-эки ай мурда Игорь Чудинов “Хизб-ут-Тахрир” партиясына каршы дагы бир балээ токтом чыгарды. Экстремизм, террорчулук деген сыяктуу шылтоолор менен булар биздин негизги саясий ишибизге тоскоол кылып атышат. Ошончолук олуттуу айыпттоолорду тагып атышкандан кийин далилдеп, аргументтерди бетке коюшса жарашпайт беле.

Түпкүлүгүндө Ислам Халифатын курууну максат кылган “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын тарапкерлери мамлекетти башкаруунун түзүмүн дагы өзгөртүп, толук ислам дининдеги эрежелерге ылайык мамлекетти түптөө керектигине айтышат.

Бир катар серепчилер мындай сөздөрдү айткандардын көбү өз оюнан кайтпаган “фанаттарга” айланганын айтышып, алар кокусунан бийликке жетип калса, коомчулуктун өнүгүүсүн тизгиндеген өкүнүчтүү окуялар болуп кетиши ыктымалдыгын эскертишет.

Дин иштери боюнча агенттиктин мурдагы директору, саясат таануучу Жолборс Жоробековдун пикиринде, бул уюм Кыргызстанда мыйзамдардын жумшактыгынан жана элдин жакырлыгынан пайдаланып жайылып жатат:

- Бул партия убагында бардык эле араб мамлекеттеринде болгон. Бирок ал жактарда ушунчалык катуу мыйзамдардын негизинде сүрүлүп чыгарылган дага, булар араб өлкөлөрүнүн бирөөндө да ачык иштей албай. Бизде тескерисинче акырындап жайылып атканынын башкы себеби – бизде мыйзамдар либералдуу, абдан жумшак. Экинчиден, турмуш-тиричиликтин, элдин турмушунун начарлыгынан улам булар жайылып атат. Анткени булар каражаттын, акчанын эсебинен катарын кеңейтип атышканы байкалат.

XS
SM
MD
LG