Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

ГЕНЕРАЛ ПЕТРЕУС: ИЮЛДАН КИЙИН ИРАКТАГЫ АСКЕРЛЕРДИ ЧЫГАРУУ ЖАРАЯНЫН ТОКТОТО ТУРУУ КЕРЕК


АКШ армиясынын Ирактагы командачысы Дэвид Петреус июлдан кийин аскерлерди чыгаруу жараянын токтото туруш керек деп эсептейт. Конгресстеги угууларда генерал коопсуздук жаатында жетишилген прогрессти сактап калуу зарылдыгын белгиледи. Багдадда болсо Саддам режиминин кулатылышынын 5 жылдыгына байланыштуу бийликтер 1 күнгө унаа менен жүрүүгө чектөө киригизишти.

Дэвид Петреус жана АКШнын Ирактагы элчиси Райан Крокер Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинде чыгып сүйлөп, Ирактагы аскерий операциянын жүрүшү жана келечек пландар жөнүндө айтып беришти.
Генерал Иракта олуттуу прогресске жетишилгени менен, кырдаал өтө туруксуз деп эскертти:

-Жети ай мурун элчи Крокер менен бирге сиздер менен жолугушкандан бери Иракта оң жылыштарга жетиштик, бирок туруктуулук орной элек. Сентябрдан бери кол салуулардын, зомбулуктун деңгээли төмөндөп, карапайым эл арасындагы жоготуулар азайды. Ал-Кайиданын Ирактагы согушкерлери олуттуу соккуга туш болушту, ошол эле маалда Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн кудурети жогорулады. Буга карабай кээ бир жерлердеги абал дагы оор жана алдыда дагы көптөгөн маселелерди чечүүгө туура келет бар.

Генерал былтыр Иракка жиберилген кошумча аскерлер чыгарылып кеткенден кийин андан аркы кадамдарды жакшылап ойлонуштуруш керек деп белгиледи.
Баштапкы планга ылайык, июль айына дейре бери дегенде 5 бөлүк мекенине кайтууга тийиш эле.
Бирок генерал Петреус андан кийин дагы бир жарым айдай танапис сурады:

-Мен кол башчыларга кошумча бөлүктөрдү кыскарта берүүнү улантууну сунуш эттим. Июлда акыркы аскерий бөлүк чыгарылгандан кийин андан аркы иштерди пландоо үчүн 45 күндүк мөөнөт талап кылынат. Андан кийин биз жеринде кырдаалга баа берип, мындан аркы кыскартуулар маселесин талкуулай баштайбыз.

Конгресстеги угуулар бир нече бөлүктөн турат. Кол башчыга суроо берүү мүмкүнчүлүгү президенттикке талапкерлер Жон Маккейн, Хиллари Клинтон жана Барак Обамага да берилмекчи. Калың калктын бул окуяга кызыгуусу дал ушул фактка байланыштуу, - дешет байкоочулар.

Генерал Петреус өз сөзүндө ошондой эле Ирактагы саясий кырдаалга токтолуп, мындай баасын берди:

-Майда улуттар, шийилер менен сунилер өз араздашууларын зордук-зомбулук аркылуу эмес сүйлөшүү жолу менен чече башташты.

Бул аралыкта Ирак бийликтери шаршембиде Багдадда машина менен жүрүүгө чектөө киргизишти. Мындай чара Саддам режиминин кулатылышынын 5 жылдыгына байланыштуу көрүлүп жатат.

Шийилердин радикал лидери Муктада ас-Садр элди 9-апрелде антиамерикалык жүрүшкө чыгууга чакырды эле, бирок кийин коопсуздук себептерден улам, бул демилгеден баш тартты.

XS
SM
MD
LG