Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

ТҮРКИЯ: АДИЛЕТ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ПАРТИЯСЫ КЫЙЧАЛЫШ АБАЛДА


“Анти-лайик иш-аракеттердин очогуна айланып калган” деген айыптоонун негизинде иши Конституциялык Сотто каралып жаткан Түркиянын башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү Партиясы кыйчалыш абалда. Жаңы эле талпынып бутуна басып келаткан партиялары жабылуу, а өзүлөрү болсо 5 жылга саясат менен коштошуу ыктымалы менен беттешип жатышканын сезген лидерлер, бир канча айларга созулуусу күтүлгөн сот жараянынын жүрүшүндө жетекчилике алынчу стратегияны аныктоонун аракетинде.

Ак Партиянын Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК) аптанын башында өткөргөн олтурумунда соттун жүрүшүндө көздөлө турган стратегияны белгилөө маселесин карады. БАКтын олтурумунан кийин жасалган билдирүүдөн жана партиянын төрагасы премьер-министр Режеп Т. Ердогандын партия жыйынында айткан сөздөрүнөн алып караганда, бул туюктан чыга алыш үчүн Конституцияны алмаштыруудан башка айла жок экенине алардын көзү жеткендиги байкалат. А парламентте 339 депутаты болгон Ак партия өз алдынча Конституцияны алмаштырууга чамасы жетпегендиктен оппозициядагы партиялардын колдоосуна муктаж.

“Мунун беделин биз элге төлөтпөйбүз” деп баса көрсөткөн Ердоган, партиянын жыйынында Конституциялык Сотто каралып жаткан доо арыздын терс мүнөздүү натыйжаларын элдин сыртына оодара салбоо тууралуу бүтүмгө келишкенин баяндап олтуруп, оппозицияны жарашууга чакырды.

“Суу өйдөнү карай акпайт эмеспи. Түркияны да демократиядан артка буруш мүмкүн эмес.. Биз бүт артыкчылыкты, демократияга, экономикага, элдин дасторконун кеңейтүүгө бердик. Кунарсыз деңгээлден бир гана демократия аркылуу чыга алабыз. Сот жараяны өз нугунда улана берсин. Биз партия жетекчилери сот жараянынан келип чыга турган терс натыйжаларды элдин сыртына жүктөбөйлү деп чечтик ”.

“Эми саясаттын маселелерди чечүүгө болгон жөндөмү сыноодон өткөн атат. Элдин кызыкчылыгы, элдин таламы үчүн парламенттеги тиги партиялар дагы буга өз үлүштөрүн кошоруна ишенгибиз келет” деп баяндоосу аркылуу, кризисти эң оболу парламенттик мунаса менен чечүүгө үмүт артып жатканынын четин чыгарды. Саясий байкоочулардын баамында, Ердоган менен алмустактан бери жаакташып келе жаткан башкы оппозициялык партия ЖХП-нин лидери Дениз Байкалдын жана президентти шайлоо жана ЖОЖдордо кыз келиндердин жоолук тагынуусуна жол коюу маселесинде өкүмөттү жөлөмөлөп, анан бушайман болгон МХП-нин лидери Девлет Бахчелинин андайча бир мунасага маакул болушу кыйындай көрүнөт. Андайча абалда, талдоочулардын пикиринде, Өкмөт конституцияны алмаштыруу боюнча референдумга барууга аргасыз калат. Бирок бул Конституцияны алмаштыруудан көрө, “лайиктик болсунбу же болбосунбу” дегендин референдуму болуп, өлкө хаоско кабылат дегендердин саны аз эмес. Кыскасы, башкаруудагы Ак партия кыйчалыш абалда. Өйдө тартса өгүз, ылдый тартса араба….

XS
SM
MD
LG