Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

10-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


2003-жылдын бул күнү Бишкектин Алатоо аянтында Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгына багышталган туу көтөрүү салтанаты өткөрүлгөн. Бу күнү Кыргызстан коммунисттеринин Пленуму ишин улантып, партиянын аброюн сактап калуу аракетинде болушту.

Коммунисттик партия үчүн 1990-жылдын башталышы оор сыноо мезгили болуп калды. Горбачевдук айкындык айдыңы менен Совет өлкөсүндө коммунисттик партиянын мамлекет түзүлүшүндөгү орду туурасында сын-пикир айтылып, партиялык диктатты жоюу боюнча кескин ойлор айтылып да, маселе кабыргасынан коюлуп да жатты. Бу күнү Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын Борбордук комтитети кезектеги чакырылган Пленум ишин улантып, партиянын 1- секретары А. Масалиев коммунисттердин башын бириктирүү жана Конституция, партия Уставына өзгөртүү киргизүү туурасында доклад жасады.

1990-жылдын бул күнү Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 1-сессиясы ишин баштады. Сессияда кыргыз калкынын мамлекет куруу салтына чиркөө болуп келген жаңылыштыктарды түздөө иштери жасалды. Депуттардын чечимине ылайык, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагалыгына Абсамат Масалиев, ал эми Министрлер советинин төрагалыгына Апас Жумагулов шайланды.

1949-жылдын 10-апрелинде Г. Нуров, П. Балтин, Ж. Самагановдордун «Космополитизм и рецидивы буржуазного национализма в работе Т. Саманчина» деген макаласы Советская Киргизия гезитинде жарык көрдү. Макалада Тазабек Саманчиндин «Манас» дастанын даңазалаган, манасчыларды изилдеген эмгектери кескин сынга алынган. Партиялык сын жаргылчагынан кийин буга чейин үзүрлүү эмгектенип, мазмундуу чыгармаларды жараткан Т. Саманчиндин ишине бөгөт коюлган жана андан кийин ал изилдөөчүлүк шугулдануусун дээрлик токтоткон.

1993-жылдын бу күнү кыргызстандыктар айтылуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин Түркия Республикасына Толук Ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалганын угушту. Гиперинфляция жана каатчылыктан кабыргасы кайышкан интеллигенция үчүн Т. Океевдин элчилик кызматка кетиши кыргыз киносунун акыры катары кабыл алынган.

2003-жылдын бул күнү Бишкектин Алатоо аянтында Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгына багышталган туу көтөрүү салтанаты өткөрүлгөн.

Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын саясий турмушу шакардай кайнап турду. Бишкек шаарынын туш тарабынан кечээ тигил жер, бүгүн бул жерлер басылып алыныптыр деген согуш билдирүүсүндөй кабарлар түшүп жатты.

Саясий кымгууттук маалында адегенде жапа тарткан тарап карапайым калк болду. Бишкектин айланасында орун алган жеке менчик ээлери үчүн алеки заматта мүлкүнөн айрылуу коркунучу жаралган. Калктын кызыкчылыгын коргоого батынган айтылуу каскадер Үсөн Кудайбергенов 2005-жылдын 10-апрелинде белгисиз адамдар тарабынан үйүндө атылып өлтүрүлгөн.
XS
SM
MD
LG