Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

М.РАХМАНКУЛОВ: “ЖУМУШТАН БОШОТУЛГАНЫМДЫН СЕБЕБИН БИЛБЕЙМ”


Талас телекомпаниянын мурдагы жетекчиси Машакбай Рахманкулов «Азаттыкка» бүгүнкү учурга чейин эмне себептен жумуштан бошотулгандыгы тууралуу бийлик өкүлдөрүнөн жооп алалбай келгенин айтууда. Облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков телеберүүлөрдүн сапаты начарлыгынан Рахманкулов жумуштан четтетилди дейт.

Талас телекомпаниянын экс-жетекчиси Машакбай Рахманкуловдун айтымында, былтыр жаз жана жай айларында алтын кен тууралуу жергиликтүү элдер ар кандай дооматтар менен митингдерге чыгышып, ошол кезде Талас телекомпаниянын кызматкерлери алардын айткан сөздөрүн комментарийсиз чагылдырганыбыз бийлик өкүлдөрүнө жакпай калса керек дейт:

- Ошонун баардыгын биз комментарийсиз берип туганбыз, ошол убакта эле облустук бийлик силер эмне үчүн элдин пикирин бересиңер, бийликти элдин астына басып берип атасыңар деген дооматтар айтылып, бир жолу кат жазылган.

Машакбай Рахмнкулов президент Курманбек Бакиевдин жергиликтүү ММКына облустук бийлик өкүлдөрү басым кылбаш керек деп айткан сөзү менен бул көрүнүш төп келбей жатат деген пикирде:

- Мурда дагы сиз чөнтөк телефондон чалып сураганда айттым эле, мен колума эч кандай кагаз ала элекмин деп. Азыр деле колума кагаз тие элек. Биздин УТРКнын жетекчилиги чакырып алып, жагдай ушундай болуп атат, кемчилиги кайсы жагы деп бетме-бет отуруп алып бир аз талкууласак болчудай эле. Бирок андай шарт болгон жок. Алардын айтуусу ушул болду, жаңы бийлик облустун губернатору менен ким иштей турган болсо ошолор менен иштешибиз керек деп. Мурда Бакиев 2006-жылы 19-январда указ чыгарганда, тескерисинче жер-жерлерде губернаторлор облустук телевидениенин үстүнө минбеш керек деген.

Облустун губернаторунун маалымат катчысы Бакай Садыров, Машакбай Рахманкуловду жумушан алыш үчүн учурунда облустук бийлик башчылар азыркы өкмөт башчы Игорь Чудиновго чейин кайрылышканын айтып, бул жерде саясий боек жок дейт:

- Бир нече жолу Улуттук каналдын жетекчилигине, ошондой эле биринчи вице премьер Искендербек Айдаралиевдин, премьер-министр Игорь Чудиновдун атына кат менен кайрылганбыз. Рахманкуловдун жумуштан алынышында эч кандай саясий боек жок. Бул өзүнүн бир нече жолку ишинде кетирген кемчиликтеринин негизинде администрациянын сунуштамасы менен УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановдун буйругу менен алынган.

Облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков, Рахманкуловдун жумуштан кетириши тууралуу УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановго сунуштама жөнөткөнүн айтып, облустук телеберүүнүн сапаты начар жана одоно кемчиликтер кеткен деп төмөнкү мисалды келтирди:

- Жанагы материалды прогон кылбай эле, кандай тартылса ошол бойдон кое бериптир. Талас шаарында мен жыйналыш өткөрүп, эл менен жолугушсам, ошол жерде артынан Болотбеков Бейшен жаңы губернатор деп жазып атат. Анан мен өзүм да чочуп кеттим, мен бекем, же башка бирөөбү деп.

Машакбай Рахманкулов Талас телерадио компаниясына 2005-жылдын ноябрь айында жетекчиликке келип, ушул жылдын 11-мартына чейин аталган кызматта иштеди. Ага чейин “Азаттык “ үналгысында Талас облусу боюнча кабарчы болуп эмгектенип келген.
XS
SM
MD
LG