Июлдан кийин аскерлердин санын кыскартуу жараянын токтото турууну жактаган Петреус, өз турумун буга чейинки жетишкендиктерди сактап калуу керектиги менен түшүндүрдү. Ирактагы жалпы абалды болсо генерал мындайча сыпаттады:
-Сентябрдан бери кол салуулардын, зомбулуктун деңгээли төмөндөп, карапайым эл арасындагы жоготуулар азайды. «Ал-Каиданын» Ирактагы согушкерлери олуттуу соккуга туш болушту, ошол эле маалда Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн кудурети жогорулады. Буга карабай кээ бир жерлердеги абал дагы оор жана алдыда дагы көптөгөн маселелерди чечүүгө туура келет.
Ал эми өмүрүн күн сайын тобокелге салган жоокерлер коопсуздук кырдаалы жакшырууда деген ойго кошулашабы? Ирактыктар өз турмушу үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алууга даярбы? Аскерлер олуттуу жана маанилүү иш аткарып жаткандарына ишенишеби?
“Азаттыктын” Ирактагы кабарчысы Ричард Томкинс ушул өңдүү суроолорго оңой, бир беткей жооп алуу кыйын дейт.
Операциядан жаңы эле кайтып келген жоокерлер адатта толкунданып, иренжүүсүн жашырышпайт. Бирок бир аз эс алгандан кийин ошол эле аскерлер абалга тереңирээк баасын беришет.
Дура чөлкөмүндө кызмат өтөгөн лейтенант Брайн Эванс буларды айтат:
-Биз бул жакка келгенден бери өзгөрүүлөргө күбө болуудабыз. Аны элдин жашоосунан көрсө болот. Бул жерде жайгашканыбыз эле жергиликтүү элге коопсуздук сезимин берет, Ирак армиясы менен полициясына өз ишин так аткарууга өбөлгө түзөт.
Эванстын пикиринде америкалык аскерлердин санын көбөйтүү жараяны өз максатына жетти.
Жереми Браун деген сержант болсо Иракта экинчи жолу кызмат өтөп жатат. Бул жолу келгенде америкалык аскерлер аткарган вазийпаны жергиликтүү армия менен полиция өздөрүнө алышкан деп үмүттөнгөнүн жашырбайт.
Катардагы ирактыктар болсо Саддам режими ойроң болгондон кийин келечектен көп үмүт артышканын, тилекке каршы эң кыйыны ошол күндөн кийин башталганын айтышат:
-Аэропорт тарапка бараткан америкалык танкаларды көргөндө абдан кубанып, оптимизм пайда болду эле. Бирок проблемалар кийин пайда болду. Жакшы күндөр дагы алдыда деген үмүт кала элек, - дейт Ахад Нассер аттуу киши.
Дарыгер Али ас-Саади 2003-жылдын апрелиндеги окуяларды мындайча эскерет:
-9-апрелде үйдө отурган жеримден танкалар менен учактардын добушун угуп калдым. Америкалык танкалар бизди эски режимден бошотушат деп кубануу менен күткөн элек. Бирок абал күндөн күнгө начарлай баштады: киши өлтүрүүлөр, жер которуу, адамдарды уурдоо, бомбалоолор. Мындай көрүнүштөр өткөн чакта калып, өлкө нормалдуу турмушка кайтат деп үмүттөнөбүз.
Күчөтүлгөн коопсуздук чараларына карабай, 9-апрелде Багдадда ар кандай кагылышуулар менен жардыруулардан бери дегенде 12 киши набыт болду.
Сүрөт middleeast.org.ua интернет баракчасынан алынды.