Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

АТА БЕЙИТТЕ ЖАЗЫКСЫЗ АТЫЛГАНДАРДЫН АРБАГЫНА КУРАН ОКУЛДУ (Сүрөт баян)


Ата бейит тарыхый комплекси 2000-жылы июнь айында ачылган. Ал жерде 1938-жылы ноябрь айында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон, “эл душманы” деп аталган Кыргызстандын 137 жаранынын сөөгү жашырылган.







Бүгүн “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылдын мүчөлөрү күнөөсүз шейит кеткендердин эстелигине гүл коюшту. Алар 12-апрелде өтө турган Элдик курултайдын алдында Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү үчүн жандарын курман кылган кыргыздын эр-азаматтарын эскерип, таазим кылышты.









Кимсанбай ажы шейит кеткендердин арбагына багыштап куран окуду. “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылдын мүчөлөрү “өлкөдө адилеттүүлүк, акыйкат, тынчтык, туруктуулук болсун”, - деп бата кылышты.





“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өткөн кылымдын 37-жылдарындагыдай репрессия, коркутуп-үркүтүүлөргө жол берилбестигин белгиледи.



“Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров: “Биз атуулдук парзыбызды аткарып келдик. Ушул жерде жаткан маркумдар дагы “акыйкат, адилеттүүлүк, улуттун боштондугу, эркиндиги” деп жүрүп, өз учурунда бийликтен жабыр тарткан адамдар. Сталиндикиндей репрессия азыркы учурда кайталанышы мүмкүн эмес. Бирок үркүтүп-коркутуу ошол 37-38-жылдардын ыкмасындай.”



“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов: “Кыргызстандын келечеги үчүн шейит кеткен инсандарды эскерүү, тарыхка баа берүү биздин парз. Азыр өлкө экономикалык оорчулуктардан сырткары руханий кризисте турат.”



Бул иш-чараны уюштуруп жаткандар арбактарга багыштап бата кылып, койду курмандыкка чалды.



XS
SM
MD
LG