Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

ЖАЛАЛАБАТ: ДЕЛЕГАТТАРДЫН АРЫЗ-АРМАНЫ КӨП


Бишкекте өтчү Элдик курултайга Жалалабаттан “Ата Мекен”, “Асаба” партиялары менен бир нече бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү барганы турушат. Алар бүгүн 11-апрелде өлкө борборун көздөй жолго чыгышмакчы. Элдик курултайда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/DAC98A07-3EEA-4214-8283-B5B90F488DF7.ASP алар үч жылдан берки бийликтин жүргүзгөн ишин талкууга алышат. Делегаттардын белгилешинче баалар өсүп, социалдык, экономикалык, саясий багытта чеке жылытарлык өзгөрүү болгон жок. Алар колдогу пансионаттар менен Каркыра жайлоосунун, Талас облусундагы айрым жерлердин Казакстанга бериле тургандыгына нааразы болушту. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов бийлик менен анын оппоненттери биргелешип аракеттенгенде гана кемчиликтер жоюларын билдирди.

Элдик курултайга “Асаба” жана “Ата мекен” партияларынын атынан облустун 27 тургуну жана бейөкмөттүк уюмдардын бир нече өкүлдөрү катыша турган болду. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык өзгөрүү сезилерлик эмес. Эмгек акы менен пенсия жана жөлөк пулга болгон кошумчалар баалардын ай санап өскөнүнө туруштук бере албай, жашоо жакшырган жок. Саясий багытта бийлик “Акжол” партиясын гана колдоодо. Мындай пикирин “Асаба” партиясынын Бишкекке бараткан облустагы төрагасы Бекмолдо Чотонов билдирди:

- Экономикалык жактан караганда жылыш болгон жок. Элдин мүдөө-талабы, жашоосун караганда инфляция Акаевдин учурунан бир топ эсе өсүп кетти. Бирок биздин айлыгыбызды 10-20 пайыз көбөйдү деп атат, ал ифнляцияга тогошпойт.

Учурдагы абалга “Ата Мекен” партиясынын жооптуу катчысы Асылбек Текебаев саясий-экономикалык кырдаал чегине жетти деген баасын берди. Ал жагдайды турукташтырууга бийлик менен өкмөттүн чамасы жетпей калды. Адам укугу басмырланып, сөз эркиндигине кысым жасалып, коррупция баштагыдан кыйла күчөдү. Мындай кырдаалдан азыркы бийлик жыйынтык чыгарышы керек дейт Текебаев:

- Көрүнүктүү жетишкендиктер жок. Экономикалык саясий кризиз өлкөдө жогорку чегине жетти. Адам укугун бузуулар, сөз эркиндиктерине кысымдар, чектөөлөр көбөйүп, экономикалык инфляция курчуп, кымбатчылык болуп жатат. Булардын бардыгы биздин өлкөдөгү элдин жашоосуна өтө чоң кедерги болуп жатат. Буга тең салмактуу көзөмөл жүргүзүү бул өлкө башчысынын милдети.

Курултайда сөз тийчү болсо, анын делегаты Калыбек Алиев Казакстанга Көлдөгү пансионаттардын 49 жылга ижарага бир топ жерлердин берилишине, парламенттин ишине, энерго тармагынын сатылышына нааразылыгын билдирет:

- 49 жылга ижарага беребиз дейт. Каркыра, Таластагы жерлер, көлдөгү пансионаттар ошол мамлекеттин менчигинде калып кетеби деген коркунуч турат. Электр энергиясы элге жетпей калышы мүмкүн.

Курултайга делегат болбогону менен Сузак районунан келген Акынбек Токтоматов күйүүчү майлардын эпсиз кымбаттап, жерин айдата албай жүргөнү үчүн бийликтегилерди кызматтан кетүүсүн талап кылды:

- Барган сайын кыйынчылык муунтуп кетип атат. Мисалы, азыр бир гектар 2 миңге чыгып атат. Биз кандай тирилик кылабыз? Президент, өкмөт, чиновниктер элди ушинтип алаксытып атат. Бул бойдон биз эч жакка баралбайбыз. Эгерде оңдой албайм деген чиновниктер, аткаминерлер баш болуп өздөрү эле кетсе, мен катуу ыраазы болот элем.

“Ак жол” партиясынын облустагы башчысынын орунбасары Ашырбай Токоевдин көз карашында көл кылаасындагы эс алуучу жайлар Казакстанга түбөлүккө берилгени жок. Пансионаттардын менчик ээсин аныктоо жөнүндө сөз жүрүп жатат. Коңшуларга берилсе ивестиция келип, көл кылаасындагы бир нече адам жумуштуу болот:

- Ал жерде курулуп турган пансионат алардын менчигине өтсө эле алар көчүрүп кетет деген ойдон алыс болушубуз керек. Пансионаттарды аларга ижарага берсек, алар 4-5 жылдыздуу мейманканаларды, санаторий, пансионаттарды курса, ага чет мамлекеттерден элдер келет.

Сөз эркиндиги болгону үчүн жарандар кайсы жерде болсо өз ой-пикирин ачык айтууга акылуу. Бирок 2005-жылга чейинки талап-тоноолорду эске алганда, андан берки өзгөрүүлөр көзгө көрүнбөй калуусу да мүмкүн. Социалдык-экономикалык багытта аз болсо да жылыштар бар. “Бийлик кызматтан кетсин” деген адамдар ал сөздүн маанисин түшүнбөй талап кылышууда. Ушундай көз карашын айткан губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун ою боюнча бийлик менен оппозиция биргелешип иштешкенде гана кемчиликтер жоюлат:

- Экономиканын өсүшү көзгө көрүнбөй жатат, курултайдын азыр болуп жаткандыгы ар ким ар кандай сөз айтууга укуктуу. Эмне үчүн кетсин деп атканын айрымдар түшүнбөйт, "кетсин" десе эле "кетсин" дешет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG