Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

КООМДУК КЫЙМЫЛ БИЙЛИКТИН МАЖҮРӨӨЛҮГҮН СЫНГА АЛДЫ


Оппозициялык маанайдагы Коомдук кыймыл биринчи конференциясын Ош шаарында жабык эшик артында өткөрүүгө мажбур болду. Себеби алгачкы жыйынын, алардын айтымында, бийлик уюштурган адамдар тобу үзгүлтүккө учуратып, лидерлерин эл көзүнчө токмоктоп таратышкан. Бул сапар өлкөдөгү коомдук-саясий --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/339F9192-6119-40BA-B294-551E3CF76FC7.asp кырдаал ар аймактан шайланган 50 чакты делегаттын катышуусунда талкууланып, акырында коомчулукка кайрылуу кабыл алынды. Жергиликтүү бийлик Коомдук кыймылдын мындай аракетин аша чапкандык катары баалады.

Коомдук кыймылдын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев кириш сөзүндө Бакиев бийлигинин тушунда коррупция өрчүгөндүгүнө, миграциядан улам айылдар аңгырап бош калгандыктан, коңшу өлкөлөр ээлеп алгандыгына, сөз эркиндиги мурда болуп көрбөгөндөй ооздукталгандыгына токтолду:

- Кыргызстан туш тарабынан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай тарабынан кысылып келатат. Эгерде биз ушундай саясатты уланта бере турган болсок бул жер талаш сөзсүз түрдө чоң согушка айланып кетиши мүмкүн. Миграция маселеси боюнча, азыр биздин азаматтар Казакстан, Орусия, алды Японияга чейин кетишкен. Ошолор 300 миллиондон 600 миллион долларга чейин жыл сайын Кыргызстандын экономикасына салым кошот имиш. Биздин президент Бакиев сүйлөп атат, эмнеси бар экен, чет өлкөдө иштеп акча таап келип атат деп. Бакиев колунан жетелеп барып, Путин менен сүйлөшүп туруп ишке орноштуруп койгонсуп. Акаевдин мезгилинде дагы бүгүнкү Бакиевдин заманындагыдай сөз эркиндигине тыюу салуу, ооздуктоо болгон эмес.

Өзгөндүк Майсалбек Абдыкадыров мамлекеттик тилди сыйлабаган өлкө жетекчилигин сынга алды:

- Биздин Кыргызстандын телесинен президент баш болуп орусча сүйлөп атат, ошону кыргызчага которуп берип атат. Бул уят.

Алайлык Мамашарип Мусаев энергетика сыяктуу стратегиялык маанидеги объектилердин менчиктештирилишине каршы:

- Ошол стратегиялык объекттерди мамлекет өзүнө калтырыш керек. Эч кандай менчикке бериш керек эмес.

Ысыккөл облусунан келген делегат Акылай Абдырахманова Каркыранын, ошондой эле Ысыккөлдөгү пансионаттардын сатылышына байланыштырып, коррупция чатагына мамлекет башчыларынын да тиешеси бардай деген ойду айтты:

- Каркыра жайлоосунун сатылышы, анан пансионаттардын айлана-чөйрөсү таптакыр эле сатылып бүтүп калды. Бакиевге мен түз эле айткым келет, бул киши уятсыздыктын ишин кылды. Эмне үчүн “Ак жол” партиясын уюштуруш керек эле? Демек булардын бардыгы табакташ, ошол коррупцияны ого бетер күчөтүш үчүн уюштурган нерсе бул.

Баткен облусунун өкүлү Мухтар Мусаев чек арадагы бош калган кыштактарды ээлеп алган коңшулар эртең эле өлкөнүн бүтүндүгүнө коркунуч туудураарын ачыктады:

- Биздин Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен райондордо ички миграция күчөдү. Башка мамлекеттердин атуулдары келип үй салып алган фактылар көп. Эгер биз демаркация кылып, ошол чек араларды чектебесек биздин мамлекеттин бүтүндүүлүгүнө коркунуч туулуп атат. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде Өзбекстан, Тажикстан менен кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек.

Конференциянын соңунда анын катышуучулары мекендештерин эгемендиктин жетишкендиктерин жана демократиянын дөөлөттөрүн сактап калууга, өлкөдө үйбүлөлүк башкаруунун өкүм сүрүшүнө жол бербөөгө үндөгөн кайрылуу кабыл алып тарашты.

Ош облустук адилет башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахман Таштанов «Азаттыкка» курган маегинде Коомдук парламент сыяктуу эле Коомдук кыймылдын да аракеттери мыйзамсыз деп эсептейт:

- Коомдук парламент боюнча сөз болгондо мен айткам, бул мыйзамсыз. Азыр коомдук парламент, эртең коомдук өкмөт, коомдук президентти түзсө биз кайда барабыз анда?! Ошондуктан бул мыйзам чегинде туура эмес. Биринчиден, булар саясатка кийлигише албайт. Экинчиден, булар мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө булардын ар бир аракети мыйзамсыз.

XS
SM
MD
LG