Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

ЗАЙНИДИН КУРМАНОВ: БИЗ ЧАБАЛ МАМЛЕКЕТПИЗ, ОШОН ҮЧҮН ЖОЛ БОШОТУП АТАБЫЗ


(“Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Зайнидин Курмановдун 11-апрелде Жогорку Кеңеште кыргыз-казак чек арасы жөнүндөгү маселени кароо учурунда сүйлөгөн сөзү.)

"Постсоветтик аймакта бардык өлкөлөр чек ара маселеси боюнча бири-бири менен талашып-тартышып жатышат. Аламанов туура айтат, анткени мамлекеттик чек ара болгон эмес, административдик гана чек ара болгон. Бир эле Россиянын Кытай менен чек арасында 17 талаштуу аймак болгон. Мамлекеттик Думада Өкмөттүн чечимин талашып ызы-чуу чыкканын биз уктук беле. Биздин баамыбызда коңшулар бул маселени чечүүнү акыл-эстүү, сабаттуу жүргүзүп жатышат, анткени алар конфиденциалдуулук принцибин сакташат. А бизде бул маселени кумда ойногон балдар да талкуулап атат. Мындай шартта кандай объективдүү чечим болушу мүмкүн, эмоциялар ашып-ташып, баардыгы элге жагыштын аракетин кылып атканда. Муну жүрөк менен эмес баш менен чечиш керек.

Анткени азыркы чек ара боюнча сүйлөшүүлөр Борбор Азиянын келечек чек арасы жөнүндө маселе. Биздин балдарыбыз, неберелерибиз болочокто кандай шартта жашайт деген маселе. Биз Казакстан менен союздаш мамлекет куруп жатабыз. Чек ара жөнүндө биздин талкууну угуп алып, биз эмне алар менен согушкан атабызбы деген ойго келет экенсиң.

Биз эмне үчүн шашып атабыз. Эл аралык келишимдер жөнүндө Вена конвенциясын окугула, анын талаптары кандай экенин. Бардык чек ара сүйлөшүүлөрү ыкчам жана кыска убакытта чечилиши керек. Анткени чек ара проблемалары согушка алып келет. Бул маселени эртеңки күндүн энчисине калтыруу аймактарда экспанияга алып келет, чек аралар биз жакка тереңдеп кире берет.

Биз эмне үчүн жол берип жатабыз. Анткени биз чабалбыз, биздин күчтүү армиябыз жок. Керектүү сандагы танкаларыбыз жок, мамлекеттик сырды ачык айта турган болсок.

Эгер биз бул маселени тез арада чечпесек анда биз жерибизден биротоло айрылабыз. Азыр эң орчундуу маселе эмне? Силерди шайлоочулар эмнеге шайлады эле, элдин кызыкчылыгын гана эмес мамлекеттин кызыкчылыгын коргошуңар керек. Мамлекеттик эркиңерди, акыл-эсиңерди көрсөткүлө ушундай татаал маселелерде.

Эмне үчүн биз чабал мамлекетпиз деп айтып атам. Анткени бизде бийликтин чечимдерин эч ким урматтабайт, президентти сыйлабайт, көчөгө чогулуп чыгып ошол жакта чечишет. Биз демократиянын эмес охлократиянын камчысын чаап атабыз. Биздин аймактарыбыз жок, Кытай менен гана чек арабыз бар. Башка өлкөлөр менен чек арабыз жок, демек Кыргызстандын аймагы жок. Калкыбыздын бир миллиону сыртта, экинчи миллиону чемоданын белендеп алып отурат. Ошон үчүн мамлекет активдүү социалдык саясат жүргүзүп бул жактан жумушчу орундарды караштырып жатат, элибизден айрылып калбашыбыз үчүн.

Бизде мамлекеттүүлүктүн бир белгиси жок экени кашкайган факт, демек бул биздин жарты өлкөнүн статусунда экенибизди көрсөтүп турат. Урматтуу кесиптештер, ушуну да ойлобойсуңарбы. Мамлекетти түзөбүзбү же жөн эле отура беребизби? Дагы жыйырма жыл отура берсек баарынан айрылабыз. Ошон үчүн Мигранян айтып атпайбы, Кыргызстанды эки мамлекет бөлүп алат деп."

XS
SM
MD
LG