Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

РОЗА ОТУНБАЕВА: ЧЕГАРА КОНФИДЕНЦИАЛДУУ МАСЕЛЕ ЭМЕС


(Жогорку Кеңеште кыргыз-казак чегарасы жөнүндө маселени кароо учурунда Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзү.)

"Мен эртең менен эле учуп келдим, Кыргызстан үчүн ушундай маанилүү маселе каралып аткан үчүн. Биз карап аткан келишимдин статусу: ага эки өлкөнүн президенттери кол койгон, аны Казакстандын Мажилиси бекиткен. Биздин парламенттен өтпөй атат. Менин оюмча, буга себеп биз өкмөттү куруп атканда бири-бирибизди тоотпой, көп учурда волюнтаристтик чечимдерди кабыл алып атканыбызда. Мурдагы президент өзүнө жоопкерчиликти алып, үч талаштуу аймак жөнүндө болуп аткан талаш-тартыштарды тоотпой, барып кол койгон. Ошондон бери канча убакыт өттү, бирок түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй келе жатканына өкүнөм.

Тарых жөнүндө айтып кетти азыр Гүлжамал, туура Үзөнгү-Кууш ушу күнгө чейин жүрөгүбүздү өйүгөн маселе болуп келатат. Ошону эч кимибиз оюбузга албай, түшүндүрүү иштери дагы эле өткөзүлбөй жатат Кыргызстанда.

Мен ойлойм, мындай маселелер эч качан конфиденциалдуу болбойт. Конфиденциалдуу маселенин өзүнүн жагдайы бар, чегара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атканда ал боло берет, ал эми бүгүн бул маселе парламентке келди, бир эмес, экинчи, үчүнчү жолу келип атат. Ошондуктан бул эч качан конфиденциалдуу болбойт.

Европалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда деле чегара боюнча чыр маселелер бар. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө мындай проблемалар сөзсүз бар. Казакстан болсун, Кыргызстан болсун, биз жаш мамлекеттербиз. Экинчиден биз ушундай чегара маселелерин чечип атабыз. Ошол эле учурда жерди менчиктештирүү процесси да жүрүп атат. Мына ошол эле Таласта 60 гектар жер үлүштөргө берилип калыптыр. Ал жөн эле ээсиз жаткан жер эмес. Мына ушундай абдан тарыхый процесстер өтүп атат. Мунун баарын биз көңүлүбүзгө сөзсүз алышыбыз керек.

Ошондуктан менин оюмча биз мындан эч кандай драматизация кылбашыбыз керек, эч кандай шашпашыбыз керек. Эч качан мындай маселелерди визиттерге даярдабашыбыз керек. Мындай маселелер өз орду менен чечилиш керек. Бул парламентте чечпейбиз деген сөз болуп аткан жок. Биз элибиздин алдында күнөөлүүбүз. Биз ушул маселелерди биринчи жолу өзүбүз барып көрүбүз менен көрүп келдик. Али биз барбаган канча участоктор бар.

Бул маселеде Өкмөттүн, өзгөчө Тышкы иштер министрлигин күнөөсү көп. Алар иштешсин, түшүндүрүшсүн. Элге айтышсын. Шашууга эч кажет жок. Бул маселени элге туура түшүндүрүп, туура чечкен жагынан консенсуска келишибиз керек."

XS
SM
MD
LG