Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

А.БЕКНАЗАРОВ: ЖЕРДИ САТКАНДАРГА ЭЛДИН КАРГЫШЫ ТИЕТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңеште кыргыз-казак чек арасы боюнча келишим каралып жатат. Бул маселе боюнча “Азаттык” үналгысына “Асаба” партиясынын төрагасы, мурдагы депутат Азимбек Бекназаров маек куруп берди.

-Азимбек мырза, ошентип парламент бүгүн келишимди кароо менен кыргыз-казак чек арасындагы талаштуу делген айрым жерлердин тагдырын чечкени калды окшойт. Сиздин оюңуз боюнча бул келишим парламенттен колдоо тапса, анын арты кандай болот?

-Мен дайыма айтып келгем, кыргыз-казак чек ара маселеси 7 жылдан бери талаш тартышты жаратып келген. Убагында биз 2003-жылы бул Кыргызстандын кызыкчылыгын саткан келишим деп парламенттен өткөрбөй келгенбиз. Ошондуктан мен ойлойм, бул “Ак Жол” партиясы көпчүлүктү түзгөн парламент эгерде ушул келишимди ратификациялап койсо, баягы эле Акаевдин саясатын ашырган болот. Анткени бул келишимге башында Акаев кол койгон.

Мына биз Кыргызстан кытайлыктарга жерди бергендей эле казактарга дагы өзүбүздүн эң сонун, тарыхый, атактуу Каркыра жайлоосун берүү менен өзүбүздүн элибизге өзүбүз чыккынчылык кылган болуп эсептелебиз.

-Бул маселеде коомчулукта өзгөчө Каркыра жайлоосундагы жерди алмаштырууга каршы нааразылыктар көп болууда. Мына бийлик тарап мындан Кыргызстан уттурган жок деген жүйөөнү улам-улам айтууда. Чын эле ушундан кыргыз тарап утуп жатабы?

-Ушундай эле жүйөөлөрдү бизге дагы айткан. Ушул эле Аламанов бизге келип, кокуй мына, биз эки эсе жер алып жатабыз деп тикенектүү, таш баскан жерлерди бизге дагы далил катары сайрап айтып берген. Биздин бийлик дегеле кыргыз үчүн эмес, коңшу өлкөлөр үчүн, чет элдик инвесторлор үчүн иштегенге маш болуп албадыбы. Мына ошондуктан убагында бизге Аламанов ошентип сайраган. Казакстандын өкүлү, Кытайдын өкүлүндөй болуп. Биз ошондо бекем туруп, “жок, өзүбүздүн жерибизди бергибиз келбейт, муну ата-бабаларыбыз сактап келген, биз дагы кийинки муундарга муну түгөтпөй, кемитпей ушул жерлерди өткөрүп берели, милдетибизди аткарабыз” деп берген эмеспиз. Бирок азыркы бийлик Акаевдин саясатын улантып, ушуну өткөрүп берип койсо, келечектеги муундар бизди кечирбейт.

-Азимбек мырза, бул жер кыргызга тиешелүү экенин сиз дагы айттыңыз, тарыхчылар да байма-бай айтып жатат. Кыргыз тарап эмне үчүн бул маселеде ушундай тарыхый далилдерди колдоно албайт?

-Анткени мунун башында турган биздин чоңдор, Кыргызстандын бийлигинде турган адамдар кыргыздын келечеги үчүн иштебей, чет элдиктердин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Биз ошон үчүн дайыма айтып келгенбиз. Мына Акаевге дагы Кудайдын, элдин каргышы тийди. Биздин жерлерди башка элдерге берген үчүн ошол элдин каргышы жетип, качып жүрбөйбү. Бүгүнкү бийлик дагы, бүгүнкү президент дагы казактардын кызыкчылыгы үчүн иштегендей болуп жатат. Ушул эле бийлик бүгүн Каркыраны берсе, эртең өзбектерге, тажиктерге дагы бир топ жакшынакай жерлерди бергенге туура келет.

-Сиздин баамыңызда, эми өлкөдөгү коомдук, саясий абал мындан ары кандай өнүгүшү ыктымал?

-Мен ойлойм, жерибизди, аймактарыбызды ушинтип коңшу өлкөлөргө бере бергенден кийин азыр сыналгыдан Баекова баштаган бир топ депутаттар сүйлөп жаткан адамдардан башка бир топ патриоттор дагы бар да. Кыргыздын жери үчүн, кызыкчылыгы үчүн жанын берем деген патриоттор дагы бар. Мен ойлойм, мындан кийин дагы саясий абал бир топ курчуйт. Каркыраны берип койгону менен, казактар алганы менен Кыргызстандын эли нааразычылыкты күчөтөт.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG