Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

ДЕМОКРАТТАР: “ЖОРЖ БУШ ИРАК ЧАТАГЫН ЧЕЧПЕЙ КЕТҮҮДӨ...”


Амирбек Усманов, Прага Президент Жорж Буштун айтымында, «ал-Каида» менен Ирандын Иракта көздөгөнү - Кошмо Штаттарга сокку уруу. Ошондуктан, кокус АКШ жеңилүүгө дуушар болсо, Иракта «ал-Каида»менен Иран каалаган режимди орнотууга жол ачылат. АКШ непада Ирак --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/5779BBB2-E8EB-4259-A1FE-FD004140EEFD.ASP чатагында жеңилип калса, Ооганстандагы талиптер үчүн да чоң огожо болот. Анүчүн Иракта стабилдүүлүк орнотулмайын, америкалык аскерлер кала берет, деп билдирди Жорж Буш бейшемби күнкү телекайрылуусунда.

Жорж Буштун сөзүнчө, Иран өкмөтү Ирактагы таасирин шиит топторун колдоо аркылуу бекемдесе, «ал-Каида» сунни козголоңчуларын каржылайт. Алардын максатына жол бербөө үчүн, АКШлык аскерлердин Иракта тынчтык орногончо кала бергени маанилүү. Бирок «31-июлга чейин Ирактагы АКШлык күжүрмөн бригадалардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 25 процентке кыскартылат», деп белгиледи президент Буш.

Былтыр январда Вашингтон Иракка 30 миңдей аскерди кошумча жиберген. Бул «чоң толкун» деп аталган кадам, Буштун айтымында, өзүн актады:

-Чоң толкундун натыйжасында чоң стратегиялык өзгөрүү болду. 15 ай илгери Америка жана Ирак өкмөтү коргонууда эле. Бүгүн демилге биздин колдо.

Жорж Буш ийгиликтин далили катары аскерлер жана карапайым калк арасындагы жоготуулардын азайганын айтты. Пентагондун маалымдашынча, былтыр январдан бери козголоңчулардын чабуулу 60 процентке, жааташтык согушу 90 процентке азайган. Ирактык күчтөр өлкөдөгү 18 дубандын жарымында коопсуздукту камсыздоого жетишкен.

АКШ президенти Ирактагы согуш кымбатка турганын танбады. Бирок бул согушка АКШ тарыхындагы башка согуштарга караганда улуттук кирешенин аз бөлүгү сарпталды деди ал.

Алты жылда Ирактагы согушка 500 миллиард доллардан көп акча кеткен. Урушта 4 миңден көп америкалык аскер жана 80 миңдей ирактык өлгөн.

Буштун сөзүнө оппозициядагы демократтардын жообу өтө курч болду. «Президент бизди ийгиликсиз согушка тартты. Ал бизди оор карызга отургузду. Бул карыз бизди рецессияга жетелөөдө. Президент бир катар суроолорго жооп берет деп күтөбүз», - деди Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси. Ал эми Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Гарри Рид президент Бушту АКШны аягы көрүнбөгөн согушка кириптер кылды деп күнөөлөдү:

- Президент Американын ресурстары чектелүү экенин жана ал бизди тарткан аягы көрүнбөгөн согушту каржылоого жетпесин алиге түшүнбөдү.

Рид ошондой эле июлдан кийин да Иракта былтыр январга чейинкиден көп америкалык аскер каларын айтып, Бушту келерки президентке «чиелешкен маселелерди калтырууда» деп сындады.

XS
SM
MD
LG