Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

МАХАЧКАЛАДА «НОРД-ОСТ» СПЕКТАКЛИН КӨРСӨТПӨЙ КОЮШТУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Дагестандын башкы шаары Махачкалада жакында англиялык драматург Наталья Пелевайн жазган «Баары сенин колуңда» аттуу оюндун тушоо кесүүсү өттү. Пьеса 2002-жылы октябрде Москвадагы «Норд-0ст» театрын барымтага алуудагы кандуу террордук актынын негизинде жазылган. Оюнду элге бир көргөзгөндөн кийин жумурияттын президенти Муху Алиев баш болгон жетекчилер келип көрүшкөн. Бийлик анын эртеси оюнду элге көргөзүүгө болбой деп токтотуп койгон. Анализчилер мындай мамиле Орусияда сөз эркиндигин кысымга алуудан улам болуп атат дешет.

"Баары сенин колуңда" оюну 2006-жылы Лондондогу «Нью-Энд» театрынын сахнасындна коюлган. Ошондон бери аны Орусияда коюуга Махачкаладагы драмалык театр гана батынган. Оюнда мындан алты жыл мурда Маскөөнүн Дубровка көчөсүндө болуп өткөн террордук акты чагылдырылган. Ал жолу оюн көргөнү «Норд-Ост» театрына келген 912 кишини колуна курал алып атайын согушканы келгендер барымтага алган. Үч күн жүргүзүлгөн сүйлөшүү натыйжа бербегенде тандамал аскерлер тобу түнката чабуул жасап, согушканы келгендер жок кылынып жана алар менен кошо барымтадагылар арасынан 130 киши мерт болушкан.

Чыгармада да Дубровка көчөсүндөгү театрды барымтага алуунун сааттары көргөзүлөт. Баш кармандар: орус кызы журналист Наташа жана шейит кеткени келген чечен кызы – Седа экен. Оюндун тереңиндеги толгонуусу ошол кыздардын капилеттен бирин-бири таануусу түзөт экен. Наташа ал жерде Чеченстанда согушта курман болгон Седанын агасы сүйлөшүп жүргөн кыз болуп чыгат. Сахнада өөрчүгөн турмуш жүрүшүнө ылайык оюндун акырында эки кыз тең курман болушат.

Англиялык драматургдун «Баары сенин колуңда» оюнун сахнага койгон режиссер Скандарбек Тулпаровдун РИА «Новости» агенттигине айткан жообунда, «жакында бирөөлөр келип оюн көргөзүлбөсүн деп тыйып кеткен».

Андай тыюу салуу Дагстан президенти Муху Алиевдин оюнду көрүп кеткендин эртеси болгон. Ошол эле учурда жумурмият админстрациясынын өкүлү Мурат Атаевдин айтканына караганда оюнду алып таштоо башкы ролду аткаруучу артисттин ооруп калышынан улам болгон.

«Российская газета» жазганга караганда, «оюндун мындан аркы тагдыры белгисиз. Ошол себептүү пьесанын автору өз чыгармасын Орусиядан тышкары жактарга сунуштоону ойлонуп атат».

А чыгарманын автору Наталья Пелевайн «Азаттыкка» берген маегинде: «Биз шейит кеткени аткан чечен кыздын тагдыры аркалуу Чеченстанда кийинки 15 жыл ичинде эмне болуп атканынан кабар беребиз. Өз жанын кыюуга барган ал кыздын мурда демейдеги эле адам болгонун көргөзөбүз» - дейт.
XS
SM
MD
LG