Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

ОППОЗИЦИЯЧЫЛ АЗЕРИ ЖУРНАЛИСТ ЖАЛАА ЖАПКАНДАРДЫ СОТКО БЕРЕТ


Аида Касымалиева, Прага 2008-жылдын март айында азербайжандык оппозициячыл журналистти бычактап кетишип, ал катуу жаракат алган. «Ишти иликтөөгө алган прокурорлор мага карата балит кампанияны башташты», - деген ойдо журналист Агил Халил. Бул окуя Бакынын сөз эркиндигине сын күч алып жаткан мезгилге туш келди. Ага кошумча эл аралык коомчулукта Азербайжанда 2008-жылдын октябрь айында өтө турган президенттик шайлоонун ирегесинде мамлекеттик эмес массалык маалымат каражаттарынын жабылышы тууралуу кооптонуу күч.

25 жаштагы Агил Халил (Agil Khalil) Азербайжандагы эң ири оппозициячыл маанайдагы “Азаттык” (“Azadliq”) гезитинин журналисти.

Бул басылманын өкүлдөрү Агил Халилге кол салуу бир айга жетпеген убакыт мурун да болгонун маалымдашты. Кол салууга дуушар болгон журналист Бакыдагы жерлерди бөлүштүрүүдөгү коррупция тууралуу иликтөөсүн баштаган эле.

Азербайжандын прокуратурасы болсо бул ишке качан гана батыштын расмий өкүлдөрү жана журналисттердин укугун коргооочу топтор чуу көтөргөндө тергөө ишин баштады.

«Бирок кол салгандарды табуунун ордуна прокуратура тергөөчүлөрү мага жалаа жабууга аракеттенишип, болбогон нерсени моюнга алууну сунушташты», - дейт Халил мырза.


- Мага 3 түрдүү жооп сунушталды. Биринчиси – мага өзүмдүн кесиптешим кол салган, экинчиси - өзүмдү өзүм жарадар кылгам. Эгерде алардын айткандарын аткарбасам, мени менен бачабаздык мамиледеги адам кол салганын көрсөткөн видео даярдашып, аны сыналгыдан беребиз деп коркутушту. Мен уят болгум келбесе, сунушталган үч маалыматтын бир түрүн тандашым керек экен. Мен дендароо болдум.

Халилдин сөздөрүнө ылайык, ал жаракат алгандан кийин Курдамир дубанында жайгашкан ата-энесинин үйүндө даарыланып жаткан. 3-апрель күнү суракка катыштыруу үчүн журналистти Бакыга күчтөп алып келишкен. Коркутуп-үркүтүүлөр ушул күндөн тартып башталган.


«Жыйынтыгында, - дейт Халил жана анын адвокаты, - түнкү саат экиге чейин уланган сурак учурунда күч колдонулду жана психологиялык жактан басым жасалды. Андан кийин орус улутундагы Сергей Стекалин деген киши келип, менин сүйгөнүм экендигин билдириптир жана мага кызгануу сезиминен улам кол салгандыгын моюнга алыптыр», - дейт журналист, айласыздан колун жайып.

Агил Халил мындай ушак сөздөрдүн баарын четке кагууда. Ал Стекалинди буга чейин эч качан жолуктурбаганын билдирди. Анткен менен Халил менен Стекалиндин сурак учурунда жолугушуусу кийинчерээк бардык мамлекеттик телеканалдардан эки кишинин жосунсуз мамилеси катары көрсөтүлүп, улам-улам кайталанган.

Байкоочулардын айтымында, “Халилдин ашыгымын” деген Стекалиндин көптөгөн сөздөрү чындыкка коошпогондой сезилет. Стекалиндин билдиргенине караганда, ал Халил менен 2005-жылдын күзүндө жолуккан. Халил болсо, 2005-жылдын күзүндө каттоодон чыгып, андан бери Бакыда жашачу эмес. Анан дагы Стекалин Халил менен чогуу чылым чеккенин айтат. Ал эми Халил чылым чекпейт. Андан да кызыктуусу, Стекалин азербайжанча, ал эми Халил орусча дээрлик сүйлөбөйт.

Видеодо дагы эки киши күбө катары журналист менен сексуалдык мамиледе болгонун тастыктаган. Ал эми Халилдин журналисттик иликтөөсү жана “Азаттык” гезитинин бул өнөктүктү журналисттин жумушу менен байланыштырган билдирүүлөрү мамлекеттик сыналгыда чагылдырылган эмес.

Аталаган видео салттуу мусулман өлкөсү болгон Азербайжанда чоң чуу жаратты. Эске сала кетсек, бул өлкөдө бачабаздык же гомосексуалдык мамилелер жосунсуз жорук катары кабыл алынат.

Парижде жайгашкан журналисттердин укугун коргоочу “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун өүдү Эльза Видал (Elsa Vidal) бул видеону Халилге каршы компромат катары жасалган одоно аракеттер деп баалады:

- Журналисттин беделин кетирүү үчүн көрүлгөн бул чаралар гомосексуал болуу уят экендигинен гана кабар берет. Мындай балит ыкманы колдонгон адамдарга актоо жок. Халилдин журналисттик кесибине анын бачабаздыгынын такыр тиешеси жок. Журналистти каралоо жана ага кол салуу болгонун биз билебиз. Чыныгы себеп анын гомосексуал экенине байланыштуу эмес, андан расмий адамдардын корккондугу.

Азербайжанда буга чейин эле кээ бир адамдарды бачабаз кылып көрсөтүү аркылуу каралоо өнөктүгү орун алган.

2005-жылы Азербайжанда өткөн парламенттик шайлоо учурунда белгилүү оппозициячыл талапкер Али Керимли (Ali Kerimli) да бачабаз деп караланган.

Ал эми азыр түзүлгөн кырдаалда көптөн бери өкмөттүн ачуусун келтирип жүргөн “Азаттык” гезитин кысмакка алуу башталганы анык. Өлкө жетекчилерин катуу сынга алган бул гезитти 2006-жылы кеңсесинен чыгарып жиберишкен. Ушундан улам гезит дээрлик $100,000 чыгаша тарткан.

“Азаттык” гезитинин техникалык директору Азер Ахмедов (Azer Ahmedov) Халилди каралоо, Азербайжандагы сынчыл акыркы гезиттин оозун жабуу аракети деп билдирди.

Ал эми бачабаз деп караланган журналист Агил Халил жакында жергиликтүү өкмөтчүл 4 сыналгы каналын сотко берди.
XS
SM
MD
LG