Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

13:00 Ө.Текебаев: Опппозициянын өлүмү тууралуу маалымат президенттин өлүмү жөнүндөгү маалыматтай эле апыртылган калп


БИШКЕК. «Ата Mекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппозиция Кыргызстанда жок, анын күнү бүттү деген сөздөр, президент К.Бакиев эмгек өргүүсүндө жүргөндө өлүптүр дегендей эле апыртылып айтылууда, деп билдирди бүгүнкъ курултайдын алдында журналисттерге. Анын айтымында, «Акыйкат үчүн» кыймыл коомдогу бийликке каршы аркандай күчтөрдү чогултту. «Курултай бул аркандай күчтөр акыркы кырдаал тууралуу пикир алмаша турган элдик жогорку орган», деди ал. «2000 киши жалпы элдин атынан сүйлөй алабы?», деген суроого Ө.Текебаев парламенттик шайлоодо «Ата Mекен» партиясы 200-300 миң добушту ырасмий алганын, а негизи элдин көбү бул партияга артыкчылык бергенин, ошондуктан бүгүнкү жыйын ошондогу элдик ишенимдин уландысы катары саналаарын билдирди. Ал ошондой эле кыргыз-казак чегарасы боюнча кечээ парламент кабыл алган мыйзамды сынга алды. Ө.Текебаев чегарадагы жерлердин берилишин кыргыз бийлигинин алсыздыгы катары баалайт.

XS
SM
MD
LG