Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:20

ЭЛ ҮНҮ: КАРКЫРАДАН АЖЫРАГАНГА КАБАТЫР КАЛК, СОТКО НААРАЗЫ БОЛГОНДОР...


“Азаттыктын” “Эл үнү” уктуруусуна бул жолу кайрылгандар Каркыра жайлоосу, Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын Казакстанга берилиши маселеси, жер талаштар, соттук териштирүүлөр, кымбатчылык ж.б. маселелер тууралуу өз ой-пикирлерин билдиришти.

Чүй облусунун Панфилов районундагы окуучулардын ишине байланышкан соттун жыйынтыгына нааразы болгон угармандарыбыз да “Эл үнүнө” кайрылышты. Маалым болгондой өткөн жылдын октябрь айында Панфилов районундагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучулары чырдаша кетишкен. Сегизинчи апрель күнү райондук сот “ошол уруштун кесепетинен онунчу класстын окуучусу Адилет Жүзүмалиев каза болгон, күнөөлүү деп табылгандар 7 жылга эркинен ажыратылсын” деп чечим чыгарган эле.

Ошентсе да соттолгон балдардын классташтары, жакындары жана айыл тургундары соттук териштирүү бир жактуу жүргөнүн, сот чечими туура эмес болуп калганын, адвокаттардын айткан-дегендери, далилдери эске алынбаганын айтып жатышат.

Ал эми Таластан “Эл үнү” берүүсүнө бул жолу Бакай ата районунун Оро айылынын тургундары кайрылышып, айыл өкмөт башчысына нааразылыктарын билдиришити. Алар аны финансылык туура эмес иштери, жер маселеси жана өкмөттөн келген арзан унду кымбатка сатты деп айыпташууда. Бирок Оро айыл өкмөт башчысы Жийдебек Айтбаев алардын бардыгын четке кагып, бардык иштер мыйзам чегинде жүрүп жатканын, келген акчалар өзүнүн максатына жумшалганын, арзан ундардын бардыгы ошол эле баада сатылганын, ундар райондук борбордон тартылып келгендиктен жолго кеткен каражатты тургузуу үчүн үстүнө бир аз акча кошулганын айтат.

Ошондой эле бизге Каркыра жайлоосунун, Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын Казакстанга берилиш маселеси, кымбатчылык тууралуу ой-пикирлерин билдиришкен угармандарыбыз болду. Маселен, Жалалабад шаарынын тургуну Ашым Чатаев, Каркыра жайлоосунун, Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын айланасындагы талаш-тартыштар бийлик менен оппозициянын ортосундагы саясий куралга айланып кеткенин айтып капа болгонун билдирди. Ал эми Эсеналы Исаков аттуу 74 жаштагы Ысыката районунун тургуну, эгерде депутаттар төрт пансионаттын, Каркыранын берилишине макулдук беришсе саткынга айланышарын, эл анда көтөрүлүшү мүмкүн экендигин айтты.

Андан тышкары “Азаттыкка” Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев, Турусбекова, Чуйков жана Манас көчөлөрүнүн так ортосунда жайгашкан барак үйлөрдүн жана совет доорунда Фрунзе заводунун кызматкерлерине берилген Бөкөнбаев-184, Турусбеков-5 номурлуу эки үйдүн тургундары кайрылышып, алардын короосуна бөлүнгөн жерлерди кайсы бир бизнесмен сатып алдым деп, отун сактоочу сарайларын бузууга мажбурлап жатканын айтып нааразычылыктарын билдиришти. Аты аталган эки үйдүн комитет башчысы Турумкан Турусбекова, 15-20 жылдык тажрыйбалары болгондуктан бир топ кишиге 1987-жылы Фрунзе заводу көп квартиралуу эски эки үйдү бөлүп бергенин, квартиралар меш менен жылый турганын, үйдүн ичинде туалет, душ бөлмөлөр жок экендигин, канализация киргизилбегенин, андыктан ар бир квартирага короодон отун сактачу сарайлар берилгенин, эми сарай турган жерди акчалуу бир бай сатып алдым деп опузалап жатканын айтып, ошол эки үйдүн тургундары менен анын жанындагы барак үйлөрдүн ээлери нааразылыктарын билдирип жатышканын айтты.

XS
SM
MD
LG