Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:25

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЖАҢЫ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ


12-апрелде Бишкекте болгон Элдик Курултай өткөн жылы декабрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилгендигин, шайлоонун жыйынтыгы өзүмбилемдик менен даярдалган жалган протоколдорго таянып чыгарылгандыгын сынга алып, бүгүнкү күнгө чейин шайлоонун толук жыйынтыгы ачык жарыя боло электигине байланыштуу Жогорку Кеңештин азыркы курамы легитимсиз деп табылсын, парламентти таратып жаңы шайлоолорду жарыялоону талап кылды. Курултай делегаттары Президентти кыргыз элине карата ар дайым текеберчилик мамиле жасап жатат деп сындап, бийлик менен элдин ортосундагы ажырым чоңоюп баратканын, кедейчилик, жумушсуздук, ички жана тышкы миграцияны кескин түрдө азайтылышына карата бийлик тарабынын эч кандай чечкиндүү иш жүргүзүлбөй жаткандыгын, бийликтин баардык бутактары чексиз коррупцияланышып кеткендигин баса белгилешти.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.Өлкөдө адилетсиз, ыймансыз жана жоопкерчиликсиз бийлик системасы орнотулуп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасы өтө оор саясий, социалдык жана экономикалык абалга туш болду. Азык-түлүктүн, күйүүчү майлардын, коммуналдык төлөмдөрдүн, жолкире акысынын кескин кымбатташына байланыштуу элдин турмушу күн санап оорлоп бара жатат. Карапайым элдин турмушун жакшыртууга, баалардын өсүшүн токтотууга, экономикалык өсүщтү камсыз кылууга багытталган шашылыш чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевден талап кылынсын.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун иши канаттандырарлык эмес деп табылсын.

3.2007-жылдын 21-октябрында болгон Референдум мыйзамдуулуктан четтеп, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо, добуш берүүгө катышкан элдин санын көбөйтүү, жалган протоколдорду даярдоо менен өткөрүлгөнүнө байланыштуу кабыл алынды деп саналган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Шайлоо кодекси легитимдүү эмес деп табылсын.

4.2007-жылдын 16-октябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилгендигине, шайлоонун жыйынтыгы өзүмбилемдик менен даярдалган жалган протоколдорго таянып чыгарылгандыгына, бүгүнкү күнгө чейин шайлоонун толук жыйынтыгы ачык жарыя боло электигине байланыштуу Жогорку Кеңештин азыркы курамы легитимсиз деп табылсын, парламент таратылып жаңы шайлоолор жарыя кылынышы талап кылынсын. Ушу жагдайга байланыштуу Жогорку Кеңеш тарабынан ушул кезге чейин кабыл алынган мыйзамдар жана чечимдер толугу менен легитимсиз экендиги тастыкталсын.

5.2007-жылдын 21-октябрындагы Референдумду жана 16-декабрындагы шайлоолорду уюштурууда жана алардын жыйынтыгын чыгарууда мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кылмыш жообуна тартылсын.

6.Жакынкы аралыкта жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо болооруна, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мөөнөтү да жакындап калганына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы таркатылып, кайрадан партиялардан, анын ичинде оппозициялык деген партиялардын өкүлдөрүнөн теңме-тең санда түзүлүшүн талап кылабыз.

7.Энергетика тармагын менчикке сатууну, кен-байлыктарды жең ичинен бөлүштүрүүнү, мектептер менен жогорку окуу жайларын менчиктөөнү, кыргыз жерлерин чет өлкөлөргө сатууну тезинен токтотууну Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевден талап кылынсын.

8.Жарандык укуктар менен эркиндиктердин чектөөнү, эркин массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү, өз укуктарын коргоо максатында чыгышкан жазыксыз адамдарды камоону жана аларга айып тагууну токтотууну жана мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткан укук коргоо кызматкерлерине карата чара көрүүнү мамлекеттик бийликтен талап кылабыз.

9.Элдик Курултай тарабынан коюлган талаптар чукул арада аткарылбаса жалпы өлкө боюнча жарандык моюн сунбоо, митинг жана аркандай нааразылык акцияларын уюштуру башталаарын билдирет.


P.S. Коомдук жана саясий ишмер Топчубек Тургуналиев бийлик дагы, оппозиция дагы бир катар кемчиликтерди кетирип жатканын, оппозиция буга чейин бийликти тартып алуу аракетин жасаганын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтымында, бүгүн өтүп жаткан Элдик курултайдан эч кандай натыйжа чыкпайт. “Азыркы экономикалык кысталыш абалда бийликтин ачык программасы болбосо, элге кыйын болуп калат. Акаевдин мезгилиндеги шылуундар Бакиевдин дагы айланасына топтолгон. Алар эч качан реформа жүргүзбөйт”, - деп баса белгиледи Т.Тургуналиев. (ZMa)

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Н.Шакиев "Азаттыкка" Элдик Курултайдын чечимдерин аткаруу мүмкүн эмес, анткени Конституцияны эл өзү гана референдум менен жокко чыгара алат, деп билдирди. Ал ошондой эле курултай сунуштаган экономикалык реформа президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен кабыл алынган өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу менен мурда эле башталганын белгиледи. Анын айтымында, социалдык-экономикалык абал 3 жыл ичинде мурдагыга караганда жакшырды, муну эки жарым эсеге жогорулаган мамлекеттик бюджет далилдейт жана ага жараша маяна 50%дан 600%га чейин өстү деген басма сөз катчы азыркы парламентти шайлоочулардын 80%ынын добушу менен шайлангандыгын жана аны курултайга катышкан 1400 делегаттын пикири менен салыштырууга болбойт.(BD)

XS
SM
MD
LG