Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУСУ


Элдик Курултайдын
Кыргызстандын Элине



КАЙРЫЛУУСУ

Кийинки мезгилде Мекенибиз улам кемип, жерибиз тарыгандан тарып, элибиз тентип, жумушсуздуктун айынан бөлөк өлкөлөргө көчүүгө аргасыз болуп, баалар ай сайын өсүп, турмуш оорлоп, адам чыдагыс абалга жетип, коомдо адилетсиздик, калыссыздык, акыйкатсыздык үстөмдүк кылгандан коррупция мамлекеттик бийиктике көтөрүлүп, теңсиздик күч алып бийлик элден алыстап, эл мүдөөсүн эсинен чыгарып, муктаждыгын чече албай эл ишеничинен бара-бара калып баратканы байкалууда.


Өкмөттүн жөндөмсүздүгүнөн тарыхта биринчи жолу өлкө электр кубаты менен камсызданбай, эл чырак жагууга аргасыз болду.

Ири байлар Баш мыйзамдын талабына карама-каршы келе да аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлике келип, бийлик кылмыш дүйнө өкүлдөрү менен чырмалашып, карапайым калктын нааразычылыгын күчөтүдө.

Коомдо адилетсиздик, калыссыздык, акыйкатсыздык орун алгандан теңчилдик тебеленип, калк бай-кедейге бөлүнүп, элдин ынтымагын ыдыратып,биримдигин кетирүүдө.

Бир кылым убакыттан бери кыргыз элинин тагдыры, жашоо эреже-шарттары, коомдук-саясий түзүлүшү, башкаруусу сырттан, алыс жерден, бөлөк элден чечилип, кыргыздын миң жылдар бою калыптанган тарыхый тажрыйбасына дал келбесе да таңууланып, жукпаса да зомбулук менен ишке ашырылып келди.

Акыры кыргыз элинин байыркы наркы, салты, ыйман, адеби, Рух-маданиятына шайкеш келбеген үчүн мамлекет башкаруу натыйжасыз болуп, өзүн актабай, эл алдында эгерим эч нерсеге жооп бербей, элдин колдосуна жете албай, чечкиндүү чара көрүп, өлкө абалын оңой албай калды.

Өлкө тагдырын, эл тагдырын чечкен олуттуу маселе- мамлекет башкарууда өнүккөн дүйнө өлкөлөрүнүн тажрыйбасын эске алуу менен бирге кыргыз элинин алты миң жыл бою өзүн актап натыйжалуулугун көрсөтүп, далилденген коом түзүү жана башкаруу тажрыйбасы да эске алынуусу зарыл.

Кыргыз тарыхы далилдегендей, өлкө кубаттуулу –анын элинде. Элдин кубаттуулугу-анын ынтымак, биримдигинде. Ынтымак-биримдигинин башаты, өзөгү, пайдубалы –элдин рухий бирдигинде.

Ушул чындыкка ылайык, бир кылым убакыттан бери кыргыз элинин рухий бирдигин камсыз кылган тарыхы уурдалып, өчүрүлүп, тили, салты, наркы, улуттук дөөлөтү басылып, жок кылынып, муундардын байланыш үзүлүп, кыргыз өзүн тааныбай, баалабай тегин, тарыхын, салтын, рухун, маданиятын билбей, өзүнө, өз Мекенине ишенбей, сыттан таңууланган арамза саясатка алданып, өз бактысын, келечегин өз эмгегин. өз Мекенинен изднбей, сырттан издеп тентип, үзүлүп, өксүп, тунгуякка учуроодо.

Демек, Эл биримдиги, ынтымагы Мекен ыйыктыгы, улуттун улуулугу менен ажыратылгыс бирдикте кабыл алынып, кандай Гана саясат жүргүзүлбөсүн, андан бийик бааланганда гана өлкө кубаттуу болуп өнүгүп, өсүүгө жетишин тарых далай жолу таксыстап бергенин моюнга алышыбыз абзел.

Кыргыздын кең пейилдиги, меймандостугу негизинде орногон жана сакталып келаткан улут жана диний аралык ынтымак-ырашкерлик Кыргызстан элинин баа жеткис байлыгы, сыймыгы, келечек ийгиликтеринин башаты жана негизги шарты.

Саясий талаш-тартыш болушу – мыйзам ченемдүү, өлкөлөрдүн баарына мүнөздүү болгон көрүнүш. Бирок алсыз, чабал, кудуретсиз өлкөлөрдө гана ал Мекен, Улут, Эл биримдиги ынтымгынан өйдө коюлуп, бийик бааланып, саясатчылардын элдешкис тирешүүлөрүнө алып келип, калк бүтүндүгүнө ажырым жаратат.


Айтылгандарды эске алып,

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ:

• Ыйык Мекенибизди, Улуттук нарк-дөөлөттөрүбүздү, элибиздин ынтамак- биримдигин баардык саясаттан өйдө коюп, бийик баалоого ар бир атуулду чакырат;

• Элдин кудуретин жаратып, рухий азык берип, өлкөнү күчтүү кылып, бирдигин түзгөн кыргыздын байыркы тарыхын, эне-тилин, салтын, наркын, ыйман-адеп баалуулуктарын үйрөнүп билүүгө жалпы калкты үндөйт;

• Кыргыз тегин билип, тарыхын таанып, улуу бабаларын даңктап, намысына келип, жан дүйнөсүн аруулаганда гана тентибей, кор болбой, кемибей, кайыр-садага сурабай, бактылуу турмушка жете алат деп терең ишенет жана ушул ишенимге жалпы журтту кошулууга үгүттөйт.

Коомдо адилет, калыстык орношун көздөп, эл биримдигин бекемдеп, ынтымагын, чыңап, теңчилдик болушуна умтулган саясат гана өзүн актап, өлкөнү өсүп, өнүгүшүнө алып бара алат.

Мекен – баарынан ыйык,

Улут – баарынан улуу,

Эл биримдик-ынтымагы – баарынан бийик жана кымбат!

XS
SM
MD
LG