Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

14-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Түркстан генерал-губернатордугунун жардыгына ылайык, Шабдан Жантай уулу 1879-жылдын 14-апрелинде Аннен лентасына тагылчу Алтын медаль менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо туурасындагы» мыйзам 1994-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган.

Энесайлык кыргыз өкүмдары Еренактын маалында кыргыз мамлекетинин таасири артып, эми аны менен Сибирдеги орус бийлиги жана калмак контайшилери эсептешүүгө аргасыз болушкан. Еренак да жаралган кырдаалды жетик баамдап, улам кубаттана баштаган орус бийлигинен кыргыз жерлерин коргоп калуу саясатын жүргүзгөн. Энесайлык кыргыздардын Сибирь бийлигине каршы аракетин орус воеводаларынын баскынчыл саясаты менен байланыштырып, ал 1683-жылы Томь воеводасына кат жолдогон. Томь воеводасы Еренактын катына жооп ирээтинде 1683-жылдын 14-апрелинде кыргыз жергесине И. Петров менен А. Поспеловду элчилик максат менен жөнөткөн.

Түркстан генерал-губернатордугунун жардыгына ылайык, Шабдан Жантай уулу 1879-жылдын 14-апрелинде Аннен лентасына тагылчу Алтын медаль менен сыйланган. Шабдан баатырга ыйгарылган сыйлык «Россия империясына көрсөткөн айрыкча салымы үчүн» берилген. Тарыхчылардын тактоосуна караганда Түркстан чөлкөмүндө мамлекеттик сыйлыктарды Шабдан баатырдан арбын алган адам болгон эмес. Ал 1-даражадагы 5 чапан; 2-даражадагы 1 чапан; Станислав жана Аннен ленталарына тагылып моюнга салынчу эки чоң алтын медаль жана мындан тышкары төрт медаль менен сыйланган.

1924-жылдын бу күндөрү Пржевальск, Ош уездеринин VI, Пишпек уезддик партиясынын VII конференциялары өткөрүлүп атты. Конференцияда партиялык системаны орнотуу, партиялык принциптер туурасында сөз жүрүп, анын калк арасындагы аброю жана иштөө ыкмалары талкууга алынган.

СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1961-жылдын 14-апрелиндеги Жардыгы менен «СССРдин летчик-космонавты» деген наам кабыл алынган жана аны менен биринчи болуп космоско учкан Юрий Гагарин сыйланган. Мындай наам алган адамдардын катарында кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов да бар.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо туурасындагы» мыйзам 1994-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган.

1912-жылдын 14-апрелинде «Титаник» суперлайнери чөгүптүр деген суук кабар дүйнө коомчулугунун көңүлүн бийледи. Ошол убактагы чоң да, техникалык жактан кынтыксыз деп эсептелген «Титаник» кемесинин чөгүшү ааламдагы эң көлөмдүү катастрофа деп бааланган.

Бу күнү таанымал жазуучулар жарык дүйнөгө келген. 1744-жылы Д. И. Фонвизин, 1916-жылы Насирдин Байтемиров, 1937-жылы Кеңеш Жусуповдор туулган.
Ошондой эле, Жетисуу жергесине, анын ичинде Кыргызстан аймагына Россиядан адамдарды көчүрүү программасынын автору Петр Столыпин 1862-жылы жарык дүйнөгө келсе, 1865-жылдын бу күнү АКШ президенти Авраам Линкольн киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.
XS
SM
MD
LG