Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ: ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН БЕКНАЗАРОВ ТУРГАНДА ОППОЗИЦИЯ ЖОК БОЛБОЙТ


“Азаттыктын” түз эфиринде “Ата мекен” партиясынын мүчөсү, АКШнын Массачусетс университетинин студенти Равшан Жээнбеков болду.

- Өткөн ишемби күнү оппозиция Элдик курултай өткөрдү. Кыргыз элине жолдогон кайрылууңузда курултайдын өтүп жатышы бүгүнкү күндүн талабы деп белгилеген элеңиз. Курултайдын уюштурулганы, анда көтөрүлгөн маселелер сиздин купулуңузга толдубу?

- Менин көз карашымча бул курултай толугу менен азыркы күңдүн талабына жооп берет. Анткени бул маселелердин бардыгы бүгүнкү күнүбүздөгү мамлекетибиздин турмушу, анын кыйынчылык маселелерин көтөрүп атат. Ал эми биздин бийлик аны кабыл алабы, жокпу ал бийликтин өзүнүн иши. Бирок бул курултай ошол ишти жасаш керек болчу, ошол маселелерди көтөрүш керек болчу. Мен толугу менен курултайда көтөрүлгөн маселелерди колдойм.

- Бир жыл мурда ушул күндөрдө Алатоо аянтында Бириккен фронт тарабынан бийликке каршы митинг өтүп аткан болчу, анын ичинде сиз да бар элеңиз. Бийлик апрель митингиcин кууп тараткандан кийин ошол кезде бирикти деген оппозиция чачырап кетти, муну коюнга алыш керек. Айрым пикирлер боюнча элдин оппозицияга болгон көз карашы дагы өзгөрдү, ошондон кийин ишенич кетти деп айтып атат. Буга мурунку радикал оппозиционерлердин айрымдары азыр кызмат ээлеп, өздөрү кетсин деп кыйкырып аткан бийликтин сөзүн сүйлөп отурушканы себеп деген пикирлер бар. Оппозиция нааразылык чараларын жакында баштайт деп айтылды. Эми оппозицияга элдин ишеничи болобу, кандай ойлойсуз?

- Менин оюмча кандайдыр бир адамга ишеним болобу, болбойбу ал башка маселе. Бирок мамлекетибиздин, улутубуздун келечегин аныктай турган маселелерде эл биригип, кайсы бир адамдын жетекчилиги менен болобу, же жетекчилиги жокпу, сөзсүз түрдө өзүнүн нааразылыгын, каршылыгын, реакциясын билдиришибиз керек. Анткени азыркы болуп аткан мамлекетибиздеги жер, башка маселелер, бул биздин бир эле бүгүнкү күнүбүздүн маселеси эмес, бул биздин бала-чакабыздын, келечегибиздин маселеси болуп эсептелет. Ал эми оппозициядагы кээ бир адамдар кетип атабы, кызмат алып атабы, ал адамдардын өзүнүн көз карашы, алардын болгон баасы өздөрүнө. Алар кетсе алардын ордуна башкалар бар. Бүгүнкү күндө мен сыймыктанам, биздин Кыргызстанда Текебаевге, Сариевге, Бекназаровго окшогон уулдар бар үчүн. Алар турганда оппозиция жок болду, же тарап кетти деп айтыш бул туура эмес болуп эсептелет.

-Апрель митингисинен кийин бир нече киши 4-5 жылга кесилип кетишти башаламандыкка катышкан деп айыпталып. Бирок ошол эле учурда негизинен митингди уюштуруучулардын айрымдары чоң кызмат орундарында отурушпайбы?

- Ал ар бир адамдын өзүнүн көз карашы. Кесилип кеткен адамдардын бардыгы, мен ойлойм, мен бул жөнүндө официалдуу митингди уюштурган адамдардын бири катары да көз карашымды айткам, эч кимиси күнөөлүү эмес, алардын бардыгына жасалма уюштурулган кылмыш иштери тагылып, баардыгы туура эмес жоопко тартылган. Убагы келгенде менин оюмча ал адамдардын баардыгы өзүнүн баасын алышат.

- Өткөн жума күнү Жогорку Кеңеш кыргыз-казак чек арасы тууралуу жана Ысыккөлдөгү төрт пансионатка байланыштуу кыргыз-казак макулдашуусун ратификациялабадыбы. Ошол пансионаттар тууралуу келишимдин түзүлүшү малекеттик мүлк фондун сиз жетектеп турган учурга туура келет экен. Ошондуктан бул тууралуу кандай маалымат бере аласыз. Эс алуучу жайларды Казакстанга берүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле?

- Менин көз карашымча биз дүйнөнүн бир бөлүгү болгондон кийин жалпысынан айта алам, төрт пансионаттын казактарга берилишинде эч кандай жаман деле нерсе жок. Бирок айтып кетишим керек, 2002-03-жылдары бул маселени мамлекеттик мүлк комитети көтөргөндө биз мамлекетибиздин менчигине алабыз деп көтөргөнбүз, беребиз деп көтөргөн эмеспиз. Тилекке каршы ошол убактагы жетекчилигибиз азыркыдай болуп биздин айтканыбызды укпай, башка жол менен кеткен. Бирок жалпысынан айта алам, мунун жаман эч нерсеси жок. Анткени, келечекте биз Казакстан аркылуу мамлекетибизге инвестицияларды тартып, жумуш орундарын уюштурсак болот.

-Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG