Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

15-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


СССР Министрлер кеңешине караштуу Мамлекеттик штат комиссиясы 1948-жылдын 15-апрелинде Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин кызматтык штатын белгиледи. Кыргыз искусствосунун алтын казынасына алынган «Айчүрөк» операсынын бетачаары 1939-жылдын 12-апрелинде өткөрүлгөн.

Кыргыз областтык наркомунун Фрунзе шаардык почта иштери 1929-жылдын 15-апрелинде почта кабарларын үйгө жеткирүү кызматын ачуу туурасында токтом кабыл алды. Токтомдо почтаны үйгө жеткирүү үчүн кошумча акча алуу маселеси каралгандыктан, аталган кызмат башында шаардыктардын купулуна толгон эмес.

Кыргыз искусствосунун алтын казынасына алынган «Айчүрөк» операсынын бетачаары 1939-жылдын 12-апрелинде Фрунзе шаарында өткөрүлгөн. Көрүнүктүү композиторлор-В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ферелер биринчи кыргыз операсын «Семетей» эпосунун негизинде жазышкан. Кийин ал 1939-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз искусство жана адабиятынын Декадасында көрсөтүлүп, көрармандардын купулуна толгон.

Кыргыз ВКП (б) обкомунун имаратына көчүрүлгөн архивдик материалдар тийиштүү мекемелердин шалаакылыгынын айынан 1936-жылдын бул күндөрү жоголуу коркунучуна кириптерленген. Обком имаратына Кыргызстан коммунисттик партиясы менен комсомолдук уюмдардын ишкердигин чагылдырган архивдик материалдар ташылып келген. Бирок иштөө тартибинде жолу ачылган башаламандык айынан айрым документтер айрылып, беттери тытылган. Ал түгүл Кыргызстандагы коммунисттик партиянын 1920-жылга чейинки ишкердигин чагылдырган материалдар жигин таптырбай жоголуп кеткен.

СССР Министрлер кеңешине караштуу Мамлекеттик штат комиссиясы 1948-жылдын 15-апрелинде Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрдигинин кызматтык штатын белгиледи. Жаңы көрсөтмөгө ылайык Тышкы иштер министрдигинде 5 адам үчүн кызмат орду ачылган. Тутлис П. А. министрдин жардамчысы, Кулов Ш. К. биринчи катчы, Никишев П. П. экинчи катчылык кызмат ишине киришишкен.

Совет мезгилинде медициналык максатта Кыргыстан аймагына эгилген апийим агромаданияты кийин наркоманиянын күч алышына себеп болгон. Кыргыз ССР Жогорку кеңеш Президиумунун 1962-жылкы апийимди колдонууга каршы кабыл алган жардыгына карабастан, наркомандардын саны өскөн. КПСС Борбордук Комитетинин демилгеси менен Фрунзе шаарында өткөрүлгөн республикалар аралык эки күндүк семинардын иши 1966-жылдын 15-апрелинде соңуна чыкты. Семинар ишине укук коргоо органдарынын жетекчилери катышып, наркозаттарды чектөө жана наркомандарга каршы күрөшүү чаралары белгиленген. Кыргызстан тараптан билдирүү жасаган министрдин биринчи орун басары О. П. Туралиев, Саламаттык сактоо министрдигинин башкы психиатору, профессор Н. В. Кантроновичтер республикада апийим эгүүнү токтотуу керектигин белгилешти.
XS
SM
MD
LG