Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

ЖАЛАЛАБАТ: КУРУЛТАЙ ЧЕЧИМИ БОЮНЧА ЭЛ ЭКИ ЖААТ


Элдик курултайдын чечимдерине карата жалалабаттыктардын көз караштары ар түрдүү. Айрымдары кымбатчылыкты ооздуктай албаган өкмөткө ишенбей тургандыгын билдирсе, башкалары парламенттик шайлоонун туура эмес өттү деп, анын таркатылышын каалашууда. Үчүнчү бирөөнүн оюнда Жогорку Кеңешти таркатуу стабилдүүлүккө доо кетирет. Облус бийлигинин жообу боюнча курултай белгилегендей, өкмөттүн канааттандырарлыксыз иштеп жаткандыгына негиз жок.

Курултайдын чечиминде айтылгандай, бааларды ооздуктай албаган өкмөт эл ишенимин актай алган жок. Эл ишенбеген соң, энерготармакты менчиктештирүүгө кызыкдар болгон өкмөттүн реформа жүргүзөөрү жана өз милдетин ойдогудай аткараары да күмөн. Курултайдын облустагы делегаты Кадырбек Жакыповдун ушундай көз карашы боюнча кыргыз–казак чегарасынын ратификация болушуна, көлдөгү төрт пансионаттын менчик ээси катары казак тараптын таанылышына жыйынга катышкандар толук нааразы болушкан. Алар өкмөт менен Борборшайлоокомго да ишеним көрсөтүшпөй, өткөн жылкы референдум менен парламенттик шайлоону да мыйзамсыз деп табышып, парламент менен БШКны таркатуу, кайра шайлоо өткөрүү талабын коюшкан. Талаптар эки айдын ичинде аткарылбаса, жер-жерлерде нааразылык акциялары уюштурула тургандыгы эскертилди, дейт Кадырбек Жакыпов:

- Ылайык функциясын аткара албай атат, эч кандай жылыштар көрүнбөй атат. Өкмөт энерго сектордун менчиктешилишинин негизги демилгечиси болуп чыгып атат. Курултайдын катышуучуларынын бардыгы ушундай чечим кабыл алышты – Кыргыз Республикасынын өкмөтү отставкага кетип, анын ордуна эл ишенген өкмөт түзүлсүн деп. Бул өкмөттүн азыр эч кандай кадыр-баркы жок, ага эч ким ишенбейт экен.

Курултайдан чечим-талаптарын колдогон “Ата Мекен” партиясынын облустагы мүчөсү Кубатбек Артыков үчүн борборшайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыгын эмдигиче ачыкка чыгарбаганы түшүнүксүз. Ошондуктан Жогорку Кеңеш таркатылып, кайра шайлоо өткөрүлүшү керек:

- Аты эле партиялык тизме дегени болбосо, бул зомбулук шайлоо болду. БШК ушул күнгө чейин жыйынтыгын айта элек, андан баш тартып турат. Курултайдын койгон максаттарына, эртеңки күнү жасай турган аракеттерине мен толугу менен кошулам, парламент сөзсүз жоюлуш керек, өкмөт кайрадан түзүлүш керек, - деп эсептейт ал.

Бирок Базаркоргон районунун тургуну Нурбек Маматкулов курултайдын кирешелүү жайларды менчиктештирүүгө каршы чыкканын кубаттаганы менен экономикалык көз караштан алганда парламентти таркатуу талабына кошулбады. Ал шайлоонун бир жактуу өткөнүн белгилеп, парламенттеги чечим кабыл алууда “Ак жол” партиясынын үстөмдүк кылганына макул болгон жок:

- Парламенттик шайлоо туура өткөн деп эсептебейм. Жалаң эле “Ак жол” фракциясы болуп калды. Негизи ошолордун гана кабыл алган токтому менен ишке ашып атат.

Парламенттик шайлоодо саясий партиялар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн. “Ак жол” партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун көз карашы боюнча андан пайдалана албай, депутаттык орунду камсыз кыла албаган партиялар кемчиликти өздөрүнөн издөөлөрү керек. Анткени, саясий партиялар парламенттик шайлоонун тең жарымы партиялык тизме менен өтүүсүн талап кылганда, президент декабрдагы шайлоону толугу менен партиялык тизме менен өткөрүүгө макул болгон. Курултайдын референдум аркылуу кабыл алынган Баш мыйзамды легитимсиз эсептегени да туура эмес, деп айтты Бектемиров:

- Кол көтөргөндө “Ак жол” партиясынын сөзү өтүп кетсе, тигилер бизди карабай койду дегени туура эмес. Анткени алар өткөн шайлоодо орун ала албай калышты да. Ал эми орун албай калып, жеңилген адамдар сөзсүз бир нерсени айтыш керек да. Булар жеңилип калып үнүбүздү эч ким укпай калды деген гана таризде айтып атса керек.

Көпчүлүктөй эле курултайдын чечими менен губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов да тааныш эмес болуп чыкты. Анын айтымында социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга аракеттер көрүлүүдө. Ушутапта өлкөнү жакынкы үч жылда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары бардык жерде такталууда:

- Азыр алдыбызга 2007-2010-жылда өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы кабыл алынып атат. Эгер ошону кабыл алып туруп, үстүндө такай иштей турган болсок, сөзсүз түрдө алдыга жылат деп ойлойм, - деп айтты губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG