Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

14:40 Парламенттик делегация АКШнын Невада штатындагы REN алтын кенине барып келди


Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын мүчөсү Роза Отунбаеванын айтымында, REN компаниясы ал жерде 24 тонна алтын казып алууну болжолдогон. Ушул тапта алтын кенин жер алдынан казып алууга даярдык иштери аяктоо алдында турат. Ал кенде Кыргызстандын да үлүшү бар, деп билдирди Отунбаева. Буга чейин парламент депутаттарынан турган комиссия Centerra Cold Inc. компаниясына тийиштүү Монголиядагы Боро жана Гаатсурттагы алтын кен комбинаттары менен таанышып келген. Делегациянын мактсаты кыргыз өкмөтү менен Канадалык Камеконун Centerra Cold Inc. компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлүп жаткан иштери менен жеринде таанышуу эле. Ал эми парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Centerra Cold Inc. компаниясы боюнча кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдагы токтомун жокко чыгаруу тууралуу буга чейин Бишкектин районаралык сотуна кайрылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG