Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

БШК: “АР НАМЫСТЫН” ДООМАТЫ НЕГИЗСИЗ


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн парламенттик шайлоо тыянактарына негизсиз дооматтар коюлууда жана бул мыйзамдагы жоболорду туура эмес чечмелөөдөн келип чыгууда деп билдирди. Бул тууралуу БШКнын “Ар намыс” саясий партиясынын катына берген жообунда айтылат. 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун тыянактары толук жарыялана элек деп эсептеген партия БШКга бул боюнча маалымат берүүнү сурап кайрылган.

16-декабрдагы парламенттик шайлоонун тыянагы чыккандан баштап эле нааразы тарап БШКнын чечимдерин тааныбай, анын мыйзамсыз экендигин далилдөө аракетин көрүп келатышат. Шайлоо тыянагына каршы чыккан жаштар “Мен ишенбейм” кыймылын түзүп, ал уюштурган нааразылык акцияларынын айланасындагы соттук териштирүүлөр аликүнчө соңуна чыга элек. Булардан тышкары БШКга кайрылып, анын жообуна канагаттанбаган “Демократия жана жарандык коом үчүн!” коалициясы да өткөн айда сотко кайрылган. Коалициянын арызы ушул айдын ичинде Биринчи май райондук сотунда каралары күтүлүп жатат.

Ал эми саясий партиялардын ичинен БШК шайлоо тыянагын жаап-жашырып жатат деген дооматты учурда “Ар намыс” партиясы далилдөө аракетин жасоодо. Партия шайлоонун толук жыйынтыктары (участкалык комиссиялардын жыйынтыктарынан баштап) менен тааныштырууну сурап БШКга кайрылган болчу.

“Ар намыстын” катына кечээ берген жообунда БШК “шайлоо тыянактарын жарыялоо жаатында Кодекс талаптарын бузуп жатат деп биздин дарегибизге жолдонгон бардык каттар жана кайрылуулар негизсиз, же Шайлоо кодексинин 48,77-беренелеринин нормаларын туура эмес чечмеленгендиктен кабар берет” деп жазылган. Катка кол койгон БШК төрайымынын орун басары Гүлбара Исабекова (төрайым Клара Кабилова эмгек өргүүсүндө экени маалымдалды) “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Биз эч качан алар сурагандай жыйынтыкты участоктор, округдар, райондор боюнча бербейбиз. Биз облустук шайлоо комиссиясынын токтомдорунун негизинде тыянак чыгарабыз. Тыянакта биз “Эркин тоо” газетасына, дагы бир гезитке жарыялаганбыз.

БШКнын кечээ жиберген катын “Ар намыс” партиясы БШКнын көз жазгыруу аракети катары баалоодо. Партия төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, саясий уюмду бул жооп канагаттандырган жок:

- Бир округ болгондон кийин БШК округдук шайлоо комиссиясы катары иштейт. Ошондо ар бир шайлоо комиссиясы жыйынтыктарын берет дагы, БШК түздөн түз аларды эсептейт. Ошон үчүн аларда ар бир шайлоо участок боюнча маалыматтар бар, ошолорду бериш керек болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнө карата айтылып жаткан дооматтарды шайлоодо жеңилип калган партиялардын эле кадырэсе ич күйдү аракети катары баалоодо.

Анткен менен, парламенттик шайлоо тыянактары административдик күч колдонуу аркылуу жасалма жол менен чыкты деген жергиликтүү, эл аралык көз карандысыз байкоочулар БШКны кескин сындашкан. Муну президент Курманбек Бакиев шайлоо алдында түзгөн “Ак жол” партиясынын басымдуу көпчүлүккө ээ болушу, эл арасында таасирдүү саналган оппозициялык партиялардын өтпөй калышы менен негиздешкен.

Акыркы жолу шайлоо тыянактарына өз баасын берген “Акыйкат үчүн” кыймылынын курултайы БШКны таркатып, мыйзам бузган БШК жетекчилигин жана мүчөлөрүн жоопко тартуу талабын койду. Бирок БШК менен соттошуп жаткан “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунованын пикиринде БШКны таркатып жиберүү менен проблема чечилбейт:

- Бул Борбор шайлоо комиссиясы кетип калгандан проблема чечилбейт. Анткени көрүп атабыз бул бийликтен көз каранды. Бирок ошол БШК ичинде отурган адамдар биз менен талкуу жүргүзүп, ошону түшүнүшү керек. Парламенттик шайлоо өткөргөн БШКнын ишине биз баа беришибиз керек.

Мыйзам боюнча БШК президент жана парламент тарабынан куралат. Ага ылайык алты мүчөсүн президент, алты мүчөсүн президент негиздеген “Ак жол” партиясынын сунушунун негизинде жаңы парламент бекиткен. Ушуга байланыштуу оппозиция БШКны бийликтин камчысын чапкан жабык мекемеге айланды деп сындап келатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG