Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

“АЛТЫЛЫК” ШАНХАЙДА ИРАН МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАДЫ


Ирандын --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/02/3E8B7C56-AD24-4B58-9C86-6E2A23723D1F.asp ядролук программасына байланыштуу эл аралык арачылар тобундагы алты өлкөнүн өкүлдөрү бүгүн Шанхайда кезектеги кеңешме өткөрүштү. Жыйында экономика, коопсуздук жана технологиялар чөйрөсүндө Тегеранга сунуш кылына турган жаңы демилгелер талкууланды. Бирок эч кандай чечим кабыл алынган жок.

“Алтылыктын” – Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен Германиянын – атынан Тегеранга конкреттүү кандай демилгелер сунуш кылынганы айтылган жок, бирок алар саясий-экономикалык, коопсуздук жана технология маанисиндеги маселелер болчу дешет. Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү ырастагандай, Шанхайдагы жолугушууда тараптар эч кандай чечимге келе алышкан жок. Болгону Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгы гана белгиленди.

Өткөн жекшемби күнү Ирандын тышкы иштер министрлиги “алтылыкты” Тегеранга мамилесин өзгөртүп, “натуура саясаттан баш тартууга” чакырган эле. Буга удаалаш министр Манучехр Моттаки Тегеран өз кезегинде эл аралык жана регионалдык актуал проблемаларды жөнгө салуу боюнча өзүнүн демилгелерин иштеп чыкканын, аларды “алтылыктын” өкүлдөрүнө сунуш кылганы жатканын билдирген.

Апрелдин башталышында болсо президент Махмуд Ахмединежад эл аралык коомчулук кандай жардамдарды сунуш кылса да Иран баары бир уран байытуу ишинен баш тартпай турганын ырастаган. Жалпы улуттук майрам катары белгиленген ядролук технологиялар күнүндө Ахмединежад Натанздагы ишканада уран байытуучу 6 миң центрифуга орнотула баштаганын айтып, бул тармакта Иран жаңы ийгиликтерге жетишкенин билдирген.

Анын эртеси Ахмединежаддын сөздөрүн АКШ өкмөтү айыптаган. “Бу сыяктуу жарыялардын жана билдирүүлөрдүн баары бир гана нерсени – Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын Иран аткарбай жатканын, муну менен Тегеран дүйнөлүк коомчулукка дале текеберсинген мамилесин көрсөтүп жатканын ырастайт”, - деп айткан эле мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак.

Стокгольмда жайгашкан эл аралык тынчтык институтунун атомдук иштер боюнча эксперти Шаннон Кайл ядролук технологиялар күнүндө президент Ахмединежад жарыялаган сердымактуу билдирүүлөрдө аша чапкан учурлар бар экенине көңүл буруп, ядролук курал жасаганга жарагыдай кылып уран байыта аларына ирандыктардын азырынча даремети жетерине күмөнсүнүү билдирген.

Соңку үч жыл аралыгында Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ирандан ядролук программасын,айрыкча уран байытуу иштерин токтотууну талап кылып үч жолу резолюция кабыл алды. Бирок алардын баарын Тегеран аткаргандан баш тартты.

Тегерандын маселесин бейшемби күнү Берлинде МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадей менен немец тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер да талкуулашат.

XS
SM
MD
LG