Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

БУУнун ГРУЗИЯДАГЫ БАЙКООЧУ МИССИЯСЫ ДАГЫ 6 АЙГА КАЛТЫРЫЛДЫ


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 15-апрель күнү Грузиядагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/1DFF9487-B526-42CB-88A3-C3A8F5887595.asp байкоочу миссиясынын мандатын дагы жарым жылга узартты. Кыскача ЮНОМИГ деп аталган миссия 1993-жылы Грузия менен андан өз алдынча бөлүнүп алган Абхазия ортосунда 13 айга созулган кандуу уруштан кийин ал жердеги бейпилдикке көз салуу максатында уюшулган. Бир добуштан кабыл алынган Улуттар уюмунун резолюциясы Грузия менен Абхазияны туруктуу стабилдүүлүктү колдоого чакырат.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечими Тбилиси менен Сухуминин мамилелери туңгуюкка кептелген учурга туш келди. Абхазия Грузиянын тынчтык тууралуу соңку сунуштарын четке кагып, Орусия чатактуу чөлкөмдөгү аскердик контингентин кеңейтүү ниетин билдирүүдө.

Коопсуздук кеңешинин резолюциясы бардык тараптарды экинчи жактын кызыкчылыктарын эске алып, саясий чагымчылык, кол салуулардан карманууга үндөйт. Документ жактырылгандан кийин АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Залмай Халилзад Вашингтондун атынан Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин аракеттерин алкоого алды:


-Бул резолюциядан сырткары АКШ Грузия президентинин Абхазия чатагын сүйлөшүүлөр жолу менен саясий нукта жөнгө салуу тууралуу жаңы демилгелерин кош колдоп кубаттайт. Биз Абхазиянын де-факто бийликтерин быйыл жыл башында Женевада айтылган экономикалык кызматташтык сунуштары менен бирге Саакашвилинин демилгелерине олуттуу мамиле жасоого чакырабыз.

Тбилисинин соңку демилгеси Абхазияга “чексиз автономия укуктарын” сунуштайт, бирок аны Сухуми четке каккан. Кабарларга караганда, Саакашвили өз өкмөт мүчөлөрүнө ал сунуштарды кайра бир сыйра карап чыгып, жаңысын даярдоону тапшырды.

Шейшембиде Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияга Орусия менен АКШ баш болгон алты өлкө демөөрчүлүк кылды. Ага карабастан, Кошмо Штаттардын элчиси Халилзад Москванын Абхазиядагы ролун сынга алды. Өткөн айда Орусия Сухумиге каршы соода чектөөлөрүн алып салып, Абхазияда жана Грузиядагы дагы бир сепаратисттик чөлкөм – Түштүк Осетияда өз өкүлчүлүк миссияларын ачуу пландарын жарыялаганы – Кремлдин Грузиянын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн урматтоо принцибине карама-каршы келет, деп белгиледи АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси.

Орусиянын Улуттар уюмундагы элчиси Виталий Чуркин Москванын Абхазия менен Түштүк Осетияны колдогону – Вашингтондун Косоводогу саясатынан кандай айырмасы бар? - деп суроо салды:

-Жаңы эле башка жерлерде мыйзамсыз бир тараптуу жарыяланган көз карандысыздыкты шашылыш тааныган өлкөлөр ушундай тынчсыздануусун билдиргенине таң калбай кое албайсың. Эл аралык мыйзамдар тууралуу сарсанаа тартып жаткандар эң ириде өзүлөрүнүн аракеттери эл аралык мыйзамдарга жооп берээр-бербесин таразалап алышы керек.

Грузиянын элчиси Ираклий Аласания жаңы резолюциядагы маанилүү жаңылыктар катары буларды атады:

-Бизди бул резолюцияда бир нече жаңы көрүнүштөр бар экени кубандырат. Алардын бири – Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчөлөрдүн биринин көз карашына карама-каршы келсе да, Үстүңкү Абхазия, же Жогорку Ходори чөлөмүндөгү кырдаал стабилдүү деп бааланганы. Экинчи жана өтө маанилүү жагы – тараптардын, айрыкча түздөн-түз тиешеси бар тараптардын качкындардын үйлөрүнө кайтып барышынын коопсуздугун камсыздоосуна мөөнөт чектелди.

ЮНОМИГ – Улуттар уюмунун 150дөй аскердик жана полиция офицерлеринен турган атайын байкоочу миссия. КМШнын бейпилдик күчтөрүнүн аракеттерине байкоо салуудан тышкары миссия качкындардын үйлөрүнө кайтып баруусуна жана жергиликтүү элдин жашоосун калыбына келтирүүгө жардам берет.

Сүрөт peacekeeper.ru интернет баракчасынан алынды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG