Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

ООРУГА МОЮН СУНБАГАН ТАЛАНТ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Биз баарыбыз эле оорусуна карабай шыгы ойгонгон сүрөткерлер тууралуу, колу же денесиндеги мүчүлүштүккө карабай сүрөт тарткан, же күү жараткан таланттуу адамдар тууралуу угуп билип жүрөбүз. Кээ бир дартка чалдыкканда, маселен чыкый оорусунан улам акылы айныгандык делчү диагноз коюлган адамдар сүйлөй албай же басуудан калганда сүрөткерлик жөндөмү өтө күч алаарын адисттер белгилеп келишет.

Айрым догдурлардын айтымында даңазалуу композитор Морис Равел “Болеро” аттуу чыгармасын чыкый оорусунан улам акылы айныгандык делчү оорудан жабыркап жүргөн маалда жазган.

Бул чыгарманын эки башкы бөлүгү он жети минутанын ичинде сегизден ашык жолу кайталанат. Музыка өзүнүн жөнөкөйлүгү жана улам кайталанчу жагы менен айырмаланат. Чыкый оррусунан улам акылы айныгандык деген диагноздун бирден бир белгиси дал ушул бир нерсени улам-улам кайталоо аракети менен мүнөздөлөт.

Бирок чыкый оорусунан улам-улам акылы айныгандык оорусунун айынан дүкөнчүлөр же үй кожейкелеринин сүрөтчү болушу чанда кездешчү көрүнүш.

“Мээ” деп аталган макаланын автору Сан-Францискодогу Кaлифорния университетинин невропатологу Брэнди Мэтюс клеткалык биология боюнча канадалык профессор Энн Адамстын окуясын иликтеген. Адамста Равел сыяктуу эле бул оорунун симптому байкалган.

Адамс айым өзүнүнүн карьералык жолунда чоң бурулуш жасап, академиядагы сабактарын таштап, живописке көп көңүл бура баштаган.

Бир канча жылдар бою ал тарткан сүрөттөр ачык, көркөмдүү жана татаал да мүнөздө болгон. Бир жолу Адамс айым Равелдин чыгармасына таасирленип, анын “Болеросун” сүрөткө түшүргөн.

Мэтюстун айтымында, Адамстын “Болерого” болгон кызыгуусу анын оорусу күчөй электе жана композитор экөө бирдей дарттан жабыркаары билине электе башталган.

Музыка жаатындагы айрым окумуштуулар “Болеро” чыгармасы менен чыкый оорусунан улам акылы айныгандык делчү оорунунун ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экенин белгилешет.

Кaлифорния университетинин невропатологу Брэнди Мэтюс бул алынган маалыматтар адамдарга кандай гана жаман кырдаал болбосун дүйнөнүн жакшы жактарын көрө билүүгө алып келерин айтат:

-Биз кемчиликтерди эле аңдыбай, ушундай жагымдуу жактарга көңүл буруга аракеттенишибиз керек.

Энн Адамс айым 67 жашында оорусу күчөп каза болгон. Анын жолдошунун айтымында Адамс сүйлөй албай жана колуна калем кармоого жарабай калганда да сүрөт тартууну уланткан. Ал эми Равел 62 жашында мээсине тажрыйба катары операция жасалгандан кийин көз жумган.

Сүрөт eat-online.net интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG