Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

ЕВРОБИРИМДИКТИ КЫЗЫКТЫРГАНЫ – ИРАКТЫН ГАЗЫ


Амирбек Усманов, Прага Евробиримдик жана Ирак --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/3D231A19-1952-4AA5-A20D-9EF072DABD04.asp отун энергия келишимине кол койгонго жакын калды. Бул жөнүндө Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Баррозо шейшемби күнү Брюсселде Ирактын өкмөт башчысы Нури Малики менен кездешкенден кийин билдирди. Малики европарламентарийлерди Ирактагы коопсуздук өкмөттүн көзөмөлүндө жана жакшырып баратат деп ишендиргенге аракет кылды. Бирок Маликинин бул сөзүн айрым парламентарийлер чындыкты бурмалоо деп баалашты.

Хосе Мануэл Баррозонун маалымдашынча, Евробримдик-Ирак арасындагы отун энергия келишимине май айында Ирактын мунай министри Брюсселге келгенде кол коюлат. Газ келишими Брюсселге Түркия менен Евробиримдикти туташтырган «Набукко» боросунун долбоорун ылдамдатууга мүмкүндүк берет. Боро аркылуу бир жагынан Ирактын жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн газы, экинчи жактан Каспий өлкөлөрүнүн газы ташылыш керек.

Евробиримдик Ирак өкмөтү мунай-газды бөлүштүрүү боюнча мыйзамды тездетүүсүн каалайт. Жаңы мыйзам чет элдик инвестицияны коргогонго катар мунай-газдан түшкөн кирешени ирактык күрттөрү, суннилер жана шиитер арасында калыс бөлүштүргөнгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Малики Брюсселде билдиргенге караганда, Ирак парламенти береги мыйзамды бекиткенге жакын турат.

Эки тарап Соода жана Кызматташуу келишими боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул келишим Евробиримдик-Ирак арасындагы саясый- экономикалык кызматташууга негиз болуш керек.

Иракка берилген жүздөгөн миллион доллар кайда кетти?

Премьер-министр Малики Европарламенттин тышкы иштер комитетинде болгон кездешүүдө Ирак армиясы жана башка коопсуздук күчтөрү өлкөнүн бардык провинцияларын көзөмөлдөгөндөй күчтүү экенин, жакында Багдадда, Басрада, Анбар провинциясында өткөрүлгөн операция мыйзамсыз кошуундарга каршы чабуулдун алгачкысы болгонун билдирди. Малики ошол эле мезгилде америкалык аскерлер Иракта кала берерин айтты:

- Ирактын коопсуздук жана аскер күчтөрү жаңы түзүлдү. Алар бүгүн бардык мыйзамсыз элементтерге каршы күрөшкөнгө жарайт. Ирак армиясы жана коопсуздук күчтөрү жакында толук кубатына толгондо четэлдик аскерлер өлкөдөн чыгып кетет.

Нури Маликинин бул сөзү Европарламенттеги чоң фракциялардын мүчөлөрүн канааттандырбады. Айрым депутаттар, анын ичинде кипрлик депутат Мариос Матсакис Ирак өкмөт башчысын чындыкты бурмалап сүйлөдү деп сындады:

-Ирактагы кырдаал жөнүндөгү сиздин бүгүн эртең мененки сөзүңүздү угуп жатып, сизди башка өлкө тууралуу сүйлөп жаткан жокпу деп ойлодум. Себеби сиздин өлкөдө зобун-зордук, баскынчылык, жемсөөлүк, террорчулук болуп жатканын күн сайын келген маалыматтар ырастайт.

Хосе Мануэл Баррозо да Нури Малики менен болгон «ачык-айкын сүйлөшүүдө», Ирактагы коопсуздукту жакшыртуу зарылдыгын эске салган.

Еврокомиссияда 2003-жылдан бери Иракка берилген жүздөгөн миллион доллар сарамжалсыз пайдаланылган деген тынчсыздануу кийинки кезде күчөп барат.

XS
SM
MD
LG