Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

18-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Айрым тарыхый маалыматтарда 1874-жылдын бу күндөрү Кыргызстандын түштүгүндө Кокон хандыгына каршы козголоң чыккан. 18-апрель тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын Эларалык күнү катары белгиленет.

Кокон хандыгынын ыксыз эзүүсүнө каршы 1874-жылдын бу күндөрү Кыргызстандын түштүгүндө козголоң чыкты. Козголоңчулар Түркстан генерал-губернатору Кауфмандын мурдагы жардамчысы, кыргызча түшүнгөн Жоробек деген адамга кат менен кайрылышкан. Катта алар Кокон ханы Кудаярдын көрсөткөн залимдиги жана кыргыздарды казыкка отургузган мыкаачылыгы белгиленип, 200 миң адамдын Россия империясынын букаралыгына кабыл алыныш тилеги айтылат.

Россия империясынын Мамлекеттик Кеңеши 1886-жылдын бу күнү Алыскы Чыгыш жана Түркстан аймагына жер которгон адамдарга берилчү акча каражат көлөмүн аныктады. Убактылуу жободо жол кире, чарба күтүүгө сарпталчу чыгым жана жыгач материалдар үчүн акча каражат бөлүү маселеси каралган.

Пишпек шаарына жакын жайгашкан кыргыздардын алгачкы айылы 1899-жылдын бу күндөрү азыркы Воронцовка кыштагында түптөлгөн. Манаптардын эзүүсүнө нааразы болгон кедей-кембагалдар Байтиктин Басбөлтөгүнүн түштүк тарабын ээлешип үй-жай кура башташкан. Алар жаңы айылга Таштөбө аталышын берип, манаптардын бийлигинен кутулуш максатында орус казактардын аскер бирикмесине өтүү сунушу менен бийлик өкүлдөрүнө кайрылышкан. Манаптар өз кезинде, айылдын казак станицасына айланышынан сестенишип, айрым активисттерге каршы сот ишин козготуп, коогалаңдуу маселени оң чечүүгө жетишишкен.

Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Майлысуудагы уран калдыктарын коопсуздандырууга» арналган жыйын 2004-жылдын бу күнү ишин улантты. Кыргызстан, Германия өлкөлөрү жана Дүйнөлүк банк менен МАГАТЭ уюмунун өкүлдөрү Майлысуудагы жагдайды талкуулашып, уран калдыктары көмүлгөн жайларды кошумча жабдыш үчүн акча каражат бөлүү маселесин карашты.

Тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын Эларалык күнү 18-апрелде белгиленип келет. Аны белгилөө чечими, 1983-жылы эстеликтерди жана өрнөктүү жайларды коргоо боюнча Эларалык Кеңеш Ассамблеясында кабыл алынган. Кыргызстанда да тарыхый эстеликтерге бай өлкө катары бу күнгө маани берип белгиленет жана өлкөдө көңүл буруп коргой турган - Манастын күмбөзү, Бурана, Өзгөн минареттери, Ташрабат сыяктуу тарыхый эстеликтер, өрнөктүү жайлар арбын орун алган.
XS
SM
MD
LG