Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

АБХАЗИЯ ГРУЗИЯНЫН ЭГЕРИМ ЭЛДЕШКИС ДУШМАНЫБЫ?


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили ушул айдын башталышында Абхазия менен Түштүк Осетияга кеңири укуктагы автономия бергенге Тбилиси --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/6998BE21-1271-4E75-8BE6-CD4E2122C4EA.asp даяр экенин айткан эле. Бирок таанылбаган эки республиканын жетекчилери бул сунуштарды четке кагышты. Азыр грузин бийликтери аларга жаңы демилгелерди даярдап жатышат.

Абхаздардын лидери Сергей Багапш Тбилисинин планын “эгерим кабыл алгысыз” сунуш деп атады. “Грузиндер биздин мекенибизге – Абхазияга жана түштүк Осетияга – бизди өлтүрүп, кырганы келишкен. Муну ырасташ үчүн 1992-жылдагы согуш маалында жазылып калган документтерди карап көрсө болот. Ошо кездеги коргоо министри Гиа Каркарашвили 92 миң абхаздын түбүнө жетүү үчүн 100 миң грузинди курмандыкка чалганга даяр экенин айткан. Мунун өзү биз үчүн ачык көрсөтмө болуп саналат. Эгемендик үчүн биз куру намыстан улам күрөшүп жатканыбыз жок,биз улут,эл катары өзүбүздү сактап калгыбыз келет”, - деп билдирди Багапш жакында өткөргөн маалымат жыйындардын биринде.

2004-жылы бийликке келгенден тартып президент Саакашвили өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн калыбына келтирүүнү өзүнүн башкы милдети кылып жарыялаган. Абхазияны жана Түштүк Осетияны ал кандай да болсо Грузиянын курамына кайтаргысы келет. Бирок бир катар байкоочулар муну бир жактуу кадам катары карашат.

“Жаңжалды чечүү жана өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн калыбына келтирүү маселелерин так ажырымдап алуу керек, - дейт Абхаз-инфо маалымат долбоорунун төрагасы Ираклий Таблиашвили. – Экинчи милдетти түпкүлүгүндө Грузиянын куралдуу күчтөрүнө таянып чечкенге болот, анын аркасында качкындарды да кайтарганга болот. Кокус Тбилиси ушундай кадамга барчу болсо, анда грузиндер менен абхаздардын ортосундагы кастык ого бетер күчөйт жана биротоло тереңдеп кетет. Эки тарап эзели элдешпес сөөк өчтү душманга айланып калышат”.

Тбилисилик эксперт Арчил Гегешидзе Абхазия менен түштүк Осетиянын статусу тууралуу маселени дегеле алыскы келечекке калтырууну оң көрөт. “Бу проблема күн тартибинен алынышы керек, аны талкуулоону токтотуу зарыл,андан көрө эки тараптын ишенимин жана кызыкчылыгын жакындата турган маселелер тууралуу сөз кылуу абзел,- дейт Гегешидзе. - Абхаздарды биз алардын абалын, тарыхый өктөө-таарынычын башкаларга, өзгөчө Россияга караганда алда канча мыкты түшүнө аларыбызга ишентип, ийите билишибиз керек”.

XS
SM
MD
LG