Акыркы маалыматтар боюнча курамында 18 миң мүчөсү бар “Асаба” партиясынын 12-курултайына шайланган 64 делегаттын элүү бири катышты. Күн тартибиндеги негизги маселе-партиянын 2006-2007-жылдар аралыгында жүргүзгөн иши боюнча буга чейинки төрага Азимбек Бекназаров отчет берип, “Асаба” партиясы Кыргызстандын саясий-экономикалык турмушунда олуттуу роль ойногон партия болду деп баалады.
Ага башкы далил катары 2006-жылдагы конституциялык реформаны талап кылган акцияларга партия мүчөлөрүнүн активдүү катышып, өзү конституциялык кеңештин мүчөсү катары Баш мыйзамдын 2006-жылдын ноябрында кабыл алынган долбоорун даярдагандыгын жана парламенттик шайлоонун күтүүсүздөн жарыялангандыгына карабастан партиялык тизме менен шайлоо сынагынан өткөндүгүн мисалга тартты:
- Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50%дан кем эмес бөлүгү партиялык тизме менен шайланыш керек деген сунушту киргизип, ошол ноябрда кабыл алынган Конституцияга кирген.
“Асаба” партиясынын мурдагы төрагасы Азимбек Бекназаров
Ал эми партия кетирген кемчиликтердин объективдүү, субъективдүү себептери бар экендигин баса белгилеп, акыркы парламенттик шайлоого катышчулардын тизмесине сөзүнө тура албаган адамдарды киргизгендигин төрага катары кетирген башкы кемчилиги деп билдирди:
-Шайлоодо биз көп кемчиликтерди кетирдик. Алардын ичинде мен дагы төрага катары бир топ субъективдүү кемчилик кетирдим. Тизмени тактоо учурунда Жеңишбек Назаралиевди чакырып, аны менен келишим түзүп, анын берген убадаларына ишенип тизмеге киргизгендигим жеке өзүмдүн кемчилигим жана бул жерде олтурган Дооронбек Садырбаев экөөбүздүн кемчилигибиз деп эсептейм.
Ал эми партиянын мындан аркы саясаты-улуттук биримдик, мамлекеттин бүтүндүгү, жалпы кыргыздардын башын кошуп, келечек үчүн күрөшүү болушу керектигин жана анын ичинде бийлик жана башка оппозициячыл күчтөр менен ийкемдүү саясат жүргүзүү зарыл экендигин баса белгиледи.
Бекназаровдун айтымында, оппозиция ичинде ички биримдик менен саясий кыраакылыктын жоктугу 2006-жылы ноябрь, декабрь Конституциясын кабыл алынгандан кийин президент Курманбек Бакиевдин коалициялык өкмөт түзүү сунушун оппозиция кабыл албай, өкмөт башчылыкка макул болгон Алмазбек Атамбаевди жалгыз калтыргандыгы оппозициячыл саясий күчтөрдү коомдо өзгөртүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан:
-Өмүрбек Текебаевдин партиясы өз өкүлүн сунуштоодон баш тартты. “Ар намыс” да макул болгон жок. Ошону менен Атамбаев коалициялык өкмөт түзө албай калды. Мына ушундай ачуу чындыкты да билишибиз керек. Кээде бийлик бизди угуп, кызматташууга жол ачса да оппозиция өзүбүз ич ара тил табыша албай, кээде уттуруп коюп жатпайбызбы! Атамбаев өкмөт башына барды дагы конституциялык реформаны аягына чыгаралы деп, жумушчу комиссиянын төрагасы болду. Ага Дооронбек Садырбаев экөөбүз мүчө болдук, себеби саясий партиялардан да мүчөлөрдү албады беле. Атамбаевдин комиссиясы түзгөн долбоор эң сонун болду деп, Конституциялык Сотко жиберди. Бирок Атамбаевди оппозиция колдобой тургандыгын Бакиев билди дагы өзүнө керектүү Кабай Карабеков менен Мелис Эшимкановду чакырып туруп, Атамбаевдин комиссиясы түзгөн долбоорду ыргытты да, өз билгенин жасады. Атамбаев аргасы жоктугунан бийликке кетти. Анткени аны биз жиберип, жолдон чыгардык. Эгер биз барба десек, ал бармак эмес.
Азимбек Бекназаров партияларда мына ушундай адаттарды жоюу үчүн жаңы күчтөр зарыл деп, ордун партияга өткөн жылы эле келген Советбек Жамалдиновго бошоткондугун:
-Партияны жаңылоо, жаңы күчтөрдү тартуу максаты менен ротация сыяктуу саясат жүргүздүк. Анткени биздин партия 1990-жылы түзүлгөн экен. Ошол түзүлгөндөн берки адамдар эле партиянын Ордо кеңешинин мүчөсү болуп келатат. Мына ошолорду жаңылоо максатында өзүм үлгү көрсөтөйүн, мен алты жыл төрага болдум, өзүм орун бошотоюн жана Ордо кеңешке дагы жаңы төрага келсин дедим. Анан партияга да жаңы адамдар келсин, ошону менен партия мүчөлөрүнүн санын көбөйтүп, улут үчүн күрөшкөн чоң партияга айландыралы деп чечтик. ,-деп түшүндүрдү.
“Асаба” партиясынын жаңы төрагасы Советбек Жамалдинов
Жаңы төрага болсо курултай партия уставына киргизген өзгөртүүлөрдүн негизинде мүчөлөрүн жаңылап, санын көбөйтөөрүн жана жергиликтүү баштапкы уюмдарын күчтөнтөөрүн билдирди:
- Эң ириде партиялык уюштуруу структурасын бекемдөөдөн баштайбыз. Анткени парламенттик шайлоодо көп кыйынчылыктарды көрдүк. Ошон үчүн региондордогу партиялык баштапкы уюмдарды бекемдөөгө киришебиз. Азыр партиянын Уставына жакшы өзгөртүүлөр киргизилди жана программага киргизүү боюнча азыркы шартка жараша жакшы сунуштар айтылды. Ошолорду региондордо талкуулап, баштапкы партиялык уюмдарды күчөтөбүз.
“Асаба” партиясынын башына келген 52 жаштагы Советбек Жамалдинов кезегинде Фрунзедеги политехникалык институтту аяктаган инженер, совет доорунда партиялык кызматта, акыркы 15 жылда жеке ишкерликте иштеп, саясий күрөшкө чыгуу үчүн партияга келип, өткөн жылкы парламенттик шайлоого катышкан экен. Бийлик ишкер саясатчылардын колун кайрыган учурларды жакшы билээрин белгилеген жаңы төрага мындан ары ошондой учурлар болсо коркпостугун:
- Бийликтен коркпоймун. Саясатта жүргөн адамдар эле бийлик менен урушуп жүргөн жок. Он беш жылдан бери ишкерлик кылып жүрүп, бийлик менен далай мушташканбыз. Партияга кирип, кыргыздын намысын сактоо үчүн иштеп берейин деген ой менен келгенден кийин бул маселе боюнча сөз да болушу мүмкүн эмес. Корпойбуз, бирге иштейбиз!,-деп жарыя кылды.