«Оштогу буюртма өлүмдөрдүн жакын арада бети ачылбаса, тиешелүү жетекчилер кызматыңардан кол жууйсуңар», - деп ички иштер министри Молдомуса Конгантиев министрликтин Оштогу көчмө коллегиясында жарыя кылган эле. Анын ырасташынча, «Саясат» гезитинин башкы редактору Алишер Саиповдун көзүн кимдер тазалаганы болжолдуу түрдө белгилүү. Болгону тергөө иши солгундап кеткени милициянын аброюна көлөкө түшүрүүдө.
Ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыповдун айтымында, Саиповдун өлүмү боюнча негизинен эки версия терең иликтенүүдө. Биринчиси, кесиптик ишмердигине байланышкан. Экинчиси, уюшкан кылмыштуу топтордун курмандыгы болушу ыктымал. Канткен күндө да шектүү эки жигиттин изи табылды. Алардын сүрөттөрү Интернетке жайгаштырылган себеби, коомчулуктун жардамысыз айыпкерлер же Өзбекстандын, же Тажикстандын жараны экендигин аныктоо кыйынга турууда:
- Эки адамдан бөлөк эч ким жасаган эмес деген акыркы версияга токтолуп калдык. Ошол себептен биз интернетке да берип атабыз. Өзбекстандан болобу, же Тажикстандан келген атуулдар болуп калабы, биз ал жакка барып иликтөө иштерди жүргүзө албайбыз. Эки версияга гана башынан токтолгонбуз. Биринчи, өзүнүн кесиптик ишине байланышкан деп, экинчиси, уюшулган топтордун тарабынан кылмыш жасалышы мүмкүн деген. Мен айткандардын толук жашаган жери, эмне максат менен бул жака келгендиги аныкталып калса, анда мен ойлойм бул кылмыштын бети ачылат деп, - дейт Жеңиш Жакыпов.
«Саясат» гезитинде маркум менен чогуу эмгектенген Даврон Насибханов Алишер Саиповдун тайманбастыгына, бетке чабаарлыгына суктанганын айтып, кесиптеши Өзбекстандын атайын кызматтары аркылуу жок кылынган деген шектенүүсүнөн дале кайта элек:
- Материалдын 70 пайызы Кыргызстандын турмушун камтычу, 30 пайызынын тегерегинде Борбор Азия, анын ичинде Өзбестан, Казакстан, Тажикстан Республикаларынын да окуяларын чагылдырчу. Маалыматтар окурмандарга объективдүү, так жана ыкчам жетишине өзгөчө басым жасалчу. Кошумчалай турган нерсе, жаштыгыбызга карабастан, кимдир бирөөлөргө, айрыкча коркутуп-үркүткөндөргө моюн сунуп камчысын чапкан жокпуз, - деди Даврон Насибханов.
Оштук серепчи Эркин Кожогелдиев «президент Бакиевдин жеке көзөмөлүнө карабастан орган кызматкерлери кылмышкерлерди жаап-жашырып жаткандай туюлат. Министр Конгантиев дагы бир жолу популисттик билдирүү жасады, буюртма өлүмдөрдүн бетинин ачылышы кыйын, анын артында ар дайым өлкөдөгү таасирлүү кишилер турушат» деген пикирде. Анын оюнча, жалпы коомчулук мындай жосунсуз жоруктарга каршы чогуу күрөшмөйүнчө, жалгыз милициянын аракетинен майнап чыкпасы айдан ачык:
- Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин Ички иштер министрлиги президенттин жеке көзөмөлүндө турган бул ишти акырына чыгарбай жатат, же дагы кандайдыр-бир саясий оюндун башын кылтыйтып атышабы, муну түшүнүү болбойт. Бул жерде кандайдыр бир шектүү мандем жаралып атат, балким ичара кылмышкерлерди жаап-жашыруу аракети болуп атабы, мунун биз дагы түшүнбөй калдык. Бул жалпы журналисттер үчүн өтө урунттуу окуя, урунтуу учур болуп атат. Муну менен жалпы коомчулук күрөшүш керек, - дейт Эркин Кожогелдиев.