Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:12

КАНТ: КАГЫЛЫШУУ КАНДАЙ БОЛГОН?


Ички иштер министринин биринчи орун басары Темиркан Субановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, окуя Бишкек-Ысыката авто жолунда 20-апрелге караган таңда, саат үчтөр чамасында болгон. Мамлекеттик автоинспекциядан качкан номери жок автоунааны МАИ кызматкерлери Ысыкатага чейин кубалап барышкан. Милиция кызматкерлерине автоунаадагылар – Зотов аттуу Орусиянын аба –аскер базасынын каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары эки теңтушу менен каршылык көрсөтүшкөн.

МАИ кызматкерлери аткан эскертүү огу Зотовдун далысы жакка тийген. Зотов адегенде Ысыката ооруканасына, соңунан Бишкектеги ооруканага жеткирилип, операция жасалды. “Ок Зотовдун денесине кирип, чыгып кеткен. Ички органдары жабыркаган деп атышат” деди Субанов. Бул факт боюнча Ички иштер министрлиги милицияга каршылык көрсөттү жана баш ийген жок деген негиз менен кылмыш ишин козгоду. Окуя боюнча Орусия тарапка маалымдалды, деп билдирди министрдин орун басары:

- Орусиялык үч жаранга чабуул жасалды деген маалымат тарап кетиптир. Бул туура эмес. Биз аны төгүндөдүк. Ким машинада отурган, ким айдаган баарын тактадык. Бул боюнча тергөө жүрүп жатат.

Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин басма сөз катчысы Виктор Харченконун бүгүн “Азаттыкка” маалымдашынча орусиялык аскерлер бараткан унаанын жолун Кант шаарында “Жип” маркасындагы номуру жок башка унаа тороп калган. Харченконун айтымында, андан куралчан төрт киши чыгып, эч себебин түшүндүрбөстөн орусиялык аскерлерди машинеден алып чыгып, жерге жаткырып алып сабай баштаган. Алардын үчөө милиция кызматкерлеринин формасын кийип жүргөн. “Орусиялык аскерлерди сабагандардын бирөө алар тарапка бир нече жолу ок ачкан, натыйжада Кант аба базасынын бир офицери оор жараат алды”, - деди В.Харченко.

Сүрөттө: Кант аскер базасынын ачылышында Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев.

XS
SM
MD
LG