Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

БЕНЕДИКТ XVI: ЖОКЧУЛУК ЖАНА ҮМҮТСҮЗДҮКТҮН КОРКУНУЧУ


Амирбек Усманов, Прага Жекшемби күнү Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы, Папа Бенедикт XVI-нын Кошмо Штаттардагы алты күндүк сапары карыды. Ал ишемби күнү Нью-Йоркто Улуттар Уюмунунун Башкы ассамблеясында Адам укугун универсалдык декларациясынын 60 жылдыгана арнап сөз сүйлөдү. Бенедикт XVI өз сөзүндө адам укугун сыйлоо - өлкөлөр менен социалдык топтор арасындагы теңсиздикти жойуу үчүн абдан маанилүү экенине токтолду жана атын атабастан туруп, кээ бир өлкөлөрдүн бир жактуу аракетин сындады.

Папа Бенедикт XVI өз сөзүндө Адам укугу боюнча универсалдык декларацияга ылайык аракеттенүү- адамзаттын көптөгөн өксүктөрүн дарылоого мүмкүндүк берет деп ишенерин айтты:

-Адам укугун кеңири урматтоо өлкөлөр жана социалдык топтор арасындагы теңсиздикти жойуунун жана коопсуздукту бекемдөөнүн өтө таасирлүү стратегиясы бойдон калууда. Ырас эле, жокчулук менен үмүтсүздүктүн курмандыктары жеңил эле маданий зобун зордукка кабылат. Алар анан тынчтыкка коркунуч туудурушу мүмкүн.

Адегенде француз, кийин англис тилинде сүйлөгөн Бенедикт адам укугунун маанилүүлүгүн таанып чектелбестен, айрым өлкөлөр мүмкүн болгон дипломаттык жолдорду колдонбой бир жактуу аракеттенип жатканда кол куушуруп турбоого зарыл экенине көңүл бурду. Ал муну менен Ватикан 2003- жылы АКШнын Иракка басып кирүүсүнө каршы турганына кыйытты.

Бенедикт ар бир өлкө букараларын татыктуу коргоого милдеттүү экенин эскертип, Судандагы Дарфур чатагына да ишара кылды:

- Ар бир мамлекет өз элин олуттуу жана тынбай кайталанган адам укугун бузуулардан, ошондой эле табигый кырсыктардын же адамзаттын аракетинин кесепетинен пайда болгон гуманитардык кризистерден коргоосу шарт.

Рим Папасы адам укугун мамлекеттер аралык кызматташуунун «орток тили» деп атап, ар бир өлкөдө адам укугу ылганбай урматталса, эч качан бир эл экинчи элге жамандык жасабайт деген пикирин билдирди. Бенедикттин айтымында, улуттук көпчүлүктүн каалаганына карабастан, диний азчылыктардын укугун сактоо маанилүү:

-Эч качан бирөөлөрдүн укугун камсыздайбыз деп Кудайды тануунун зарылдыгы жок. Алар секулярдык идеологиянын үстөмдүгү же диний көпчүлүктүн позициясын өзгөчө жол менен корголушуна каршы күрөшөлү дешсе, динге байланыштуу укуктарды да коргоого тийиш.

Ватикандын башчысы жекшемби күнү Нью-Йорктогу Дүйнөлүк Соода Борборунун ордунда болуп, 2001-жылдын 11- сентябрындагы террордук чабуулдун курмандыктарын эскерип, дуба окуду. Ал дуба сөзүндө динзарларды диний жек көрүүчүлүктү токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG