Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

ДӨӨЛӨТ НУСУПОВ: “АСАБА” УЛУТТУН ТАЛАМЫН ТАЛАШКАН ЖОЛДОН ТАЙБАЙТ


“Азаттыктын” түз эфирдеги маектеши “Асаба” партиясынын мүчөсү Дөөлөт Нусупов болду.

- Ишембиде “Асаба” партиясынын курултайы болуп, анын төрагасы Азимбек Бекназаровдун ордуна Советбек Жамалдинов шайланбадыбы. Коомчулукта “Асабаны” ичара бөлүп-жаруу Акүйдүн, бийликтин сценарийи менен болду деген маалыматтар бар. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Биздеги “Асаба” партиясында жетекчилик алмашуу боюнча шайлоого чейин эле сөз болгон. Кийин жаңы муундарга, жаңы күчтөргө берели, биз жасай албаган иштерди жасасын. “Асабада” финансы жагы оор болгон, шайлоо маалында дагы кыйын акыбалда болбодукпу. Финансы боюнча жер-жерлерде уюштуруу иштерди күчөтөлү деген сөз болгон, биз ошонун негизинде эле кеттик. Бирок чындыгында Бекназаров таанымал, күчтүү саясатчы болгондуктан, бийликтегилердин дагы каалоосу болгон кетиргенге. Азыр биз менен чогуу шайлоого катышып, чогуу жүргөн балдар келишти. Эми күтө туралы. Канчалык деңгээлде айтылган сөздөр аткарылып, иш алып барат, же андай болбой эптеп бийликтин ишин жүргүзгөн болуп калабы, аны айтыш эрте, аны убакыт көрсөтөт.

-“Асаба” партиясы буга чейин бийликке оппозиция болуп келбеди беле. Эми жаңы төраганын шайланышы менен партия оппозициялык багытын өзгөртпөйбү, же “Ак Жол” партиясы сыяктуу бийликке ыктап кетеби?

- Биз ошол жөнүндө дагы сүйлөштүк, биздин партия улуттук партия болуп аткандан кийин биз улуттун таламын талашабыз да. Ошон үчүн биз кайрылуу кабыл алып атканда дагы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн маселелерди көтөрдүк. Биз ошондон тайбайбыз, биз ошондой деп сүйлөштүк. Эгерде биз “Ак Жолго” биригип анын саясатын жүргүзө турган болсок анда биз улуттук партия болбой калбайбызбы. Бизде ушундай деп сүйлөшүлдү, ким улуттун кызыкчылыгына каршы иш кылса, биз ошонун баары менен күрөшөбүз деген.

- Дөөлөт мырза, “Асаба” партиясы Бишкекте ишемби күнү курултай өткөрүп атканда, ошол эле күнү Ош шаарында да Кыргызстанда жашаган өзбектер курултай өткөрүп, көйгөйлүү маселелерди көтөрүптүр. Ошол жерден оштук делегат Нооманжан Давыдов деген атуул айрым улутташтар тарабынан автономия жана өзбек тилине расмий макам берүү маселелери маал-маал менен көтөрүлүп жаткандыгын эске салыптыр. Мунун арты кандай болот деп ойлойсуз?

- Бизде мамлекет деңгээлинде чоң саясат жок болгондуктан ушундай болуп атат. Биз 18 жылдан бери көнүп калганбыз, өзүбүздүн элге таянып, мамлекеттин эгемендүүлүгүн күчөтүп, ошол эл үчүн кызмат кылгандын ордуна, сырттагы күчтөрдү пайдаланып, ошого кошоматтык саясат жүргөндүктөн ушундай болуп атат. Анткени Каркыраны берип атканда айтпадыбы, ушул пансионаттарды бербей койсок, анда бизди казактар тосуп коет деп корккондор. Парламентте ушундай сөз болуп аткандан кийин башкалар деле тосуп коебуз дейт да. Ошондуктан бизде мамлекеттик саясаттын жоктугунан, кошоматчы саясат жүргөңдүктөн, элине таянбай, башка жакка таянган, алсыз саясат болгондуктан ушундай сөздөр чыгып атат. Мунун аркасы жакшы болбойт. Ушинте берсе эртең дунгандар чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн тескерисинче күчтүү саясий эрк менен бардык элдин башын бириктирип, бир кызыкчылыкты коргогон саясат болуш керек, ошол жок болуп атат. Кайрылууну кабыл алганда Каркыра, Ысыккөл пансионаты боюнча ысыккөлдүктөр чыкпадыбы. Ошолорду колдой турган чечим кабыл алдык. Бул курултайдын чечими эң жогорку чечим болуп эсептелет. Ошон үчүн Конституциянын 4-беренесинде бар эмеспи жер менен кен байлыктар менчикке берилет деген. Биз ошого да каршы, энергетика ишканаларын сатканга да каршы чечим кабыл алдык.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG