Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун билдирүүсүнө караганда, 20-апрелге караган түнү саат эки жарымда Бишкектин Жибек-Жолу менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде жол эрежесин бузгандыгына байланыштуу “Тойота-Ариста” маркасындагы автоунааны МАИ кызматкерлери токтотууга аракет жасашкан. Бирок айдоочу токтобостон чыгышты көздөй жөнөгөн. Автоунаанын арткы номери да болгон эмес. МАИ кызматкерлери качкан автонунаага Кант шаарында кууп жетип, токтоткон. Ал жерде болгон окуяны Субанов мындайча баяндады:
-Автоунаадагылар инспектордун талабын аткарган эмес. Айдоочу инспекторго кол сала баштаган. Инспектор четтеп, жанындагы автомат кармаган жоокерлерди да четке чыгарып,асманга эскертүүчү ок аткан. Автоунаанын ичиндеги эки жүргүнчү да чыгып, окуяга күбө боло баштаган.
Субановдун айтымында, айдоочунун каршылык көрсөтүү учурунда инспектордун бир огу ага тийген.
Териштирүүнүн жүрүшүндө айдоочу Канттагы орус аскердик базасынын финансылык бөлүмүнүн башчысынын орун басары улук лейтенант Максим Зотов, эки жүргүнчүнүн бири да орус жараны, базада иштеген Даулет Шульгаувов, үчүнчүсү кыргыз жараны, жеке ишкер Рахим Ясыров экени аныкталган.
Айдоочу мас абалында болгон.
Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын башчысы Кырккелди Кыдыровдун маалымдоосуна караганда, окуя болгон жерде дароо ал өзү жетектеген оперативдик топ барып, алгачкы иликтөө иштерин жүргүзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, МАИ кызматкерлеринин аракетинде мыйзам бузуулар болгон эместиги аныкталууда. Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматынын башчысы Эркин Кангелдиев ал маалыматты тастыктады:
-Ички коопсуздук кызматы кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракети негиздүү болгону аныкталууда. Толук жыйынтык кечке чейин чыгарылып, министрге маалымдалат.
Ок жаңылган Максим Зотовдун абалын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев мындай баалады:
-Абалы бирдей эле. Кичине жакшы болуп, сүйлөп калды.Өтө жакшы деп айта албаймын. Бул жерде эми ок кирип кеткен, кабыргага тийген, көк боор жок.
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызмтташтык комитетинин төрагасынын орун басары Кабай Карабеков окуя тууралуу парламентте азырынча маалымат жок экенин билдирип, бирок маселе Жогорку Кеңеште каралышы ыктымалдыгын четке какпады.
Россиянын элчилиги 21-апрелде Канттагы окуя боюнча маалымат тараткан жок. Элчиликтин басма сөз катчысы Виктор Харченко менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ал эми 20-апрелде Харченко орус базасынын аскерлерине белгисиз милиционерлер кол салды деп билдирген эле:
-Жеңил автоунаада базага кайтып келаткан орус жарандарын Кант шаарында Жип маркасындагы автоунаа тосуп, андан төрт милиция кызматкери чыгып, эч кандай себепсиз эле аскер кызматкерлерин автоунаадан күч менен чыгарып, сабашкан. Ал окуяда аскер кызматкери Максим Зотовго тийип, ал оор жарадар болгон.
Бирок кыргыз милиция кызматкерлери элчиликтин маалыматын төгүндөп, окуянын кандай болгонун баяндап беришти. Эми окуяны прокуратура тергеп, 20-апрелде түнү эмне болгонун аныктап чыкмакчы.