Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

23-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү катары белгиленет. Бүткүл союздук IX-кинофестиваль 1976-жылы Фрунзе шаарында өткөрүлгөн. Кыргыз областтык ВКП (б) уюму 1937-жылдын 23-апрелинде Кыргыз ССР Коммунисттик партиясы болуп өзгөртүлгөн.

Совет мезгилиндеги Кыргызстандын маалымдоо каражаттарынын түптөлүшүнө РКП (б) Борбордук Комитетинин 1924-жылдын 23-апрелинде кабыл алган токтому маанилүү роль ойногон. Партиялык токтом «Печать жана басылмалар багытындагы партиялык жетектөөнү күчөтүү» деп аталып, ага ылайык борбордук жана жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын иштөө принциптерин аныктоо маселелери белгиленген.

Мындан тышкары партиялык токтомдо окуу китептерин жана окутуу куралдарын чыгыш калктарынын менталитетине ылайыкташтырып, жергиликтүү калктын тилинде даярдоо принциптери аныкталган. Партия белгилеген багытка жараша 1924-жылы Пишпек шаарында редакциялык коллегия уюшулуп, «Газета туурасында» жобо кабыл алынган.

Советтер Союзунда жүргүзүлгөн календарлык реформалар айрым убакта күлкү келээрлик жагдайларды жараткан. Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жетекчисинин туулган күнүн белгилөөгө камынган пишпектиктер 1924-жылы дал ушундай сатиралык жанрга жол ачышкан. Эски календардан жаңыга жаңылыш эсептелишине байланыштуу, Пишпек шаардык бийлиги «В. И. Лениндин туулган күнүн» 23-апрелге күтүрөтө майрамдашкан. Баардык китепкана жана жумушчу клубдарда, Лениндик бурчтар ачылып, «улуу» көсөмгө арналган конференциялар өткөрүлгөн.

Кыргыз автономиялык Республикасынын 1936-жылы Союздук Республика макамын алышына байланыштуу областтык ВКП (б) уюму 1937-жылдын 23-апрелинде Кыргыз ССР Коммунисттик партиясы болуп өзгөртүлгөн.

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү катары белгиленет. Бул күндү белгилөө жөрөлгөсү ЮНЕСКО уюмунун Генералдык Конференциясы тарабынан кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл ала тургандыгын белгилеген. Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.

Фрунзе шаарынын кинотеатрлары 1976-жылдын бул күндөрү советтик көркөм фильмдер үчүн эшигин кенен ачты. Бүткүл союздук IX-кинофестиваль үчүн тандалган Фрунзе шаарынын «Ала Тоо», «Манас», «Октябрь», “Россия“, «Ысык Көл» кинотеатрларында «Афонья», «Жалгызым» сыяктуу тасмалар көрсөтүлүп жатты.
XS
SM
MD
LG