Башында Абдылдабек турган козголоңчулар тобу падышалык бийлик үчүн олуттуу коркунуч жараткан. Абдылдабек, Валихан төрө, Сулайман-удайчилер 1500 жигит менен 1876-жылы Гүлчөдөн 25 чакырым узуактыктагы Жаңырык капчыгайындагы ашууну ээлеп алышкан. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын туйган генерал М. Д. Скобелев козголоңду басыш үчүн 1876-жылдын 24-апрелинде аскер баштап Гүлчөгө жөнөгөн.
Улуу Ата Мекендик согуштун кайнап турган 1943-жылдын бул күнү Фрунзе шаарынын кинохроника студиясына И. В. Сталинден телеграмма келген. Кызыл Армиянын Башкы командачысы И. В. Сталин кинорежиссер Марианну Варейкисти «куралдуу күчтөргө комкордук көрсөтүү максатында» Коргоо фондуна көлөмдүү акча которгондугу үчүн ыраазычылыгын билдирген.
СССР Министрлер Кеңеши 1952-жылы «Кыргыз ССРинин мал чарбасын өнүктүрүү» токтомун кабыл алган. Мындан тышкары «Кыргыз ССРинин айыл чарбасына жардам көрсөтүү» деп аталган Токтомго ылайык, республикада сарай, кашарлар курулуп, жер иштетүү үчүн 13 МТС уюшулган жана колхоз чарбалары техникалар менен жабдыла баштаган.
1997-жылдын бу күнү Москва шаарында Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан президенттери: Борис Ельцин, Нурсултан Назарбаев, Аскар Акаев, Эмомали Рахманов жана Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Цзян Цзэминь Шериктеш өлкөлөрү менен Кытай чегарасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюшту. Мындан тышкары, келишимде беш өлкөнүн бирине-бири кол салбоо кепилдиги каралган.
2003-жылдын 24-апрелинде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Мунапыс тууралуу» мыйзам кабыл алган. Мыйзам Конституциянын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып, ага ылайык 786 адам түрмөдөн бошотулуп, 15 миң адамдын жаза мөөнөтү азайтылган.
Бу күн жаштар биримдигинин Эл аралык күнү катары белгилинет. Майрам жаштар проблемасына мамлекеттик органдар менен коомчулук жана маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу максатын көздөйт.
24-апрель астрономдордун Эл аралык күнү катары белгиленет.
Бу күндү байыркы вавилондуктар жаңы жыл майрамы катары тосушкан.
1704-жылдын бу күнү Америкада «Бостон Ньюс Леттер» аталыштагы биринчи мезгилдүү басылма гезит жарык көргөн.