Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:26

16:48 М. Конгантиев: Жол кырсыктарынан жабыркаган адамдардын саны көбөйүүдө


Бул тууралуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өткөн жуманын соңунда болгон министрликтин коллегиясында билдирди. Министрдин келтирген маалыматына караганда жыл башынан берки үч ай ичинде жол кырсыгынан миңге чукул адам жаракат алып, эки жүздөйү көз жумган. М.Конгантиев кырсыктардын санын азайтуу боюнча иш-чаралар көрүлгөнү менен адам өмүрү кыйылган учурлар көбөйгөнү өкүнүчтүү экенин белгиледи. “Мындай кырсыктардын болушуна биринчи ирээт айдоочулар өздөрү күнөөлүү, себеби жолдо жүрүү эрежелерин сакташпайт, айрымдары ичип алып айдап жүрүшөт”, - деди министр. (ESu)

XS
SM
MD
LG