Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

ИРАК ЖАНА АКШ АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН КОЛДООСУН КҮЧӨТҮҮНҮ КӨЗДӨӨДӨ


Шейшемби күнү (22-апрелде) Кувейтте Ирак --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/AB740677-32D7-4056-92CD-CFDA36B6D77E.asp боюнча эл аралык жыйын башталды. Айланадагы араб мамлекеттери, дүйнөнүн ири державалары жана Иран да катышып жаткан бул кеңешмеде Иракта стабилдүүлүк орнотуу үчүн ага кандай жардам көргөзүүнүн жолдору талкууланууда.

Жыйында алгачкылардан болуп Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики сөз алып, араб коңшуларды Багдадга элчилерин кайра жөнөтүүгө жана Саддам Хусеиндин доорунда топтолгон карыздарын кечүүгө, алардын аймактарынан өлкөгө кирип жаткан согушкерлерди токтотууга чакырды. Ирак премьер-министринин айтымында, ал Саддам Хусеиндин диктатордук режимин алмаштырган азыркы өкмөт кайсыл себептен улам араб коңшулардан жетиштүү колдоо таппай жатканына түшүнө албай турат.

Ал-Маликинин ырастоосунда, азыр жаңы Ирак жаралуунун үстүндө, өкмөттүн улуттук элдешүүгө жетүү аракеттеринен улам ички ыйкы-тыйкылыктарды биримдик жеңе баштады. Ал ошондой эле Ирактын коңшулары менен Батыштын ири өлкөлөрүнүн стабилдүүлүк орнотууга жардам берүү багытындагы мурдагы кеңешмелери жетишерлик натыйжаларды бербегенин кошумчалай кетти.

Ага катар кредиторлорду тышкы карыздарды кечүүгө чакырды. Ирактын тышкы карызы азыр бери дегенде 67 миллиард доллар деп эсептелинет.

Айтор ал-Маликинин Кувейттеги жыйындагы бүгүнкү сөздөрү ириде Сауд Аравия жана Перси булуңундагы башка сунни араб мамлекеттерине багытталды окшойт. Азырынча Багдадда алардын биринин да элчилик деңгээлиндеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жок.

Азыркы жыйындын конок ээси болуп жаткан Кувейт жакшы жөрөлгө баштагандай болду. Ал Ирактагы элчилигин кайра ачууга камынып жатканын жарыялады. Элчилик мындан 18 жыл илгери, 1990-жылы Саддам Хусеин Кувейтке кол салганда жабылган.

Ирак премьер-министринин баяндамасында камтылган маселелер АКШ мамлекеттик катчысы Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү менен ушул дүйшөмбүдө Бахрейнде жолуккан учурунда да көтөрүлгөн эле. Кондолиза Райс дипломатиялык өкүлчүлүктөргө байланышкан маселе оң чечилерине ишеним билдирген:

-Мен кошумчалап гана кетким келет, сүйлөшүүгө катышкан өлкөлөрдүн бир канчасы Иракта туруктуу өкүлчүлүктөрүнө ээ болууну кааларын жана бул үчүн зарыл чаралар жасалыш керектигин айтышты. Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари жараянды кантип алдыга жылдыруу үчүн бул өлкөлөрдүн суроо-талаптарын алууга макул болду. Андыктан мен бул- жараяндын алдыга кете башташы деген ишенимдемин.

Анткен менен АКШ мамлекеттик катчысы сунни араб өлкөлөрүнөн алар элчиликтерин кайра ачары жана Иракка карызын төлөө жагынан жеңилдик берер-бербери боюнча ачык-айкын убада ала алган жок. "Франсс-пресс" агенттигинин аты аталбаган америкалык расмий өкүлгө шилетеме берип жазганына караганда, Ирактын араб коңшулары ал-Маликинин өкмөтүнө азыр деле шектенүү менен кароону улантууда. Анткени ал алсыз жана АКШ тарабынан түзүлгөн деп эсептешет.

Аналитиктердин пикиринде, сунни араб өлкөлөрүнүн ал-Маликинин өкмөтү менен камыр–жумур иштөөдөн этияттанып жатышынын өз себептери бар. Биринчиси, алар бул өкмөт АКШнын колдоосунан ажырса эле ыдырайт деп чоочулашат. Экинчиси, мурда Иракты сунни азчылыгы башкарып келсе, азыркы бийликте шийиттер үстөмдүк кылат. Андан улам шийиттер башкарган коңшу Ирандын Иракка таасири өсүп жатат жана андай таасир жалпы регионго жайылып кетиши мүмкүн деген кооптонуу да жок эмес.

АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс ушул жекшембиде, Багдадда Ирак жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин мындай чоочулоолорду жокко чыгарууга аракеттенди. Анын ырастоосунда, Ирактын саясий сахнасында сунниттерди, шийиттерди күрддөрдү камтыган борбордук күчтөрдүн биримдиги азыр мурдагыдан кыйла бекем.

Кондолиза Райс ал–Маликинин өкмөтүнүн өткөн айда шийиттердин радикал имамы Моктада ас-Садрдын согушкерлерине каршы сокку уруусун өкмөт өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөөгө жөндөмдүү экенин далилдеген иш катары мүнөздөдү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG