Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

БИЙЛИКТИН ЭСКЕРТҮҮСҮНӨ КАРАБАЙ, ОППОЗИЦИЯ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЧЫККАН ЖАТАТ


Бишкек шаардык прокуратурасы “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидерлерине эскертүү жасады. Прокуратура мындай чараны оппозициянын 12-апрелде элдик курултайда кабыл алган чечимдерине байланыштуу жасады. “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов прокуратуранын эскертүүсүнө карабай кыймыл 26-апрелге белгиленген жөө жүрүшкө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/C663C715-04F8-4584-BAF7-F66BC5110CD1.asp катышаарын билдирди.

Бишкек прокуратурасы оппозиция лидерлери Аликбек Жекшенкулов, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Мукар Чолпонбаев жана Азимбек Бекназаровго эскертүүнү 22-апрелде жасаган. Эскертүү кагазын шаар прокурору жеке өзү оппозиция штабына келип тапшырган. “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Жекшенкуловдун айтымында, бул коркутуу максатында жасалган иш:

-Эскертүүнү шаардын прокурору өзү биздин штабка келип бергени - бийлик дагы бир жолу бизге күчүн көрсөткөнү деп ойлоймун. Биз эскертүүнү негизи жок деп таптык. Мындан ары дагы ишибизди күчөтүп, мыйзам чегинде Кыргызстандын, кыргыз калкынын кызыкчылыгы үчүн күрөшө бермекчибиз.

Мунун далили катары “Акыйкат үчүн” кыймыл 26-апрелге белгиленген жөө жүрүшкө катышуу чечимин кабыл алганын Жекшенкулов белгилей кетти.

Бишкек шаардык прокуратурасынан оппозиция лидерлерине берилген эскертүү тууралуу маалымат алуу мүмкүн болбоду. Прокуратура кызматкерлери бирине-бири шилтөө менен маалымат берген жок.

Бирок эскертүүдө 12-апрелдеги курултайдын чечимдерин бийликке таңуулоого аракет жасалган, ультиматум коюлган, бул Конституциянын 23-беренесине каршы келет деп белгиленген. Ошондой эле курултайдын чечиминде өткөн жылы декабрь айындагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, тартип бузуу менен митинг, пикетке чыккан атуулдарды административдик жоопкерчиликке тартууну токтотуу талаптары коюлган. Бул мыйзамсыз, анткени андай иштерди сот органдары гана тейлей алаары эскертүүдө белгиленген.

Белгилүү укук коргоочу, “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова прокуранын эскертүүсүн мындай баалады:

-Бул деген антиконституциялык чечим. Бул деген коркутуу. Бүгүнкү күндө прокуратура өзү мыйзам жолунда иштеш керек. Прокуратуранын алты оппозиционерге берген эскертүүсү мыйзамсыз. Анткени курултайда эч кандай чатак болгон эмес. Эч кандай мыйзамсыз чакырыктар болгон жок. Курултайда өлкөдөгү абалды сындап, өз көз караштарын Конституциянын кепили президентке жолдошкон.

Ошентип 12-апрелдеги оппозициянын курултайына бийликтин жообу прокуратура аркылуу берилди. Талдоочулардын пикиринде, бул бийлик менен оппозициянын диалогу ультиматум жана коркутуу жолунан чыкпаганынын белгиси.

Төлөкан Исмаилованын айтымында, оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсү болбосун деген күчтөр бар:

-Президент оппозиция менен эч качан отурбасын деген күчтөр бар. Ошондуктан прокуратура мыйзамсыз токтомун чакыртып алыш керек. Кризис күндөн-күнгө күчөбөш үчүн мырза Бакиев оппозицияга кол сунуп, диалогду башташ керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG